Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:59

АКШ туткундарды Францияга өткөрүп берди


Париж. АКШ Гуантанамодо кармалып жаткан төрт атуулду Францияга өткөрүп берди. Алардын баары Франциянын Ооганстанда кармалган атуулдары. Бул окуяга байланыштуу Франциянын президенти Жак Ширак мындай деди:

- Көп убакытка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Гуантанамодо кармалган биздин төрт атуулду Францияга кайтарууга жетиштик. Төртөө тең Франциянын сот органдарына өткөрүлүп берилди. Сот органдары алардын иштерин иликтегенден кийин тиешелүү чечимин кабыл алышат.

Гуантанамодо камакта эки жылдан ашуун мезгилден бери 600гө жакын адам “ал-Каида” же талиптер менен байланышы бар деген шек менен кармалууда. Алардын үстүнөн тергөө жана сот жараяндары жүргүзүлө элек. Ал эми “Хьюман Райтс Уотч” эл аралык укук коргоо уюмунун пикиринде, АКШнын аскердик соту Гуантанамодо камакта жаткандардын статусу боюнча сот ишинин адилеттүү каралышына кепилдиктер жок. Бул жөнүндө укук коргоо уюму атайын билдирүү таратты.

XS
SM
MD
LG