Кытай өкмөтү бүгүн өлкө абдан оор күндөрдү башынан кечирип атканын билдирди. Көнөктөп жааган жамгыр менен суу ташкындарынын айынан 400 адам каза болуп, 20 миңи жапа чегүүдө. Миңдеген үйлөр жана 5 миллион гектарга жакын эгин талаалары зыянга учураган. Кытайдын ырасмий чиновниктери билдиргенге караганда, өлкө тарткан экономикалык чыгым 2 миллион 650 миң доллар деп бааланды.
Ал эми Бангладеште токтобогон жаан 30 миллион адамды үйсүз калтырды. Өлкөнүн үчтөн эки бөлүгүн суу басып, башкалаа Дакада кыймыл токтоду.
Коңшу Индияда селдин кесепеттеринен 600, Непалда 100 адам өлдү.