Американын оппозициялык партиясы - демократтар Ирак согушу үчүн президент Жорж Бушту сынга алууну улантышууда. Ал эми президенттикке талапкер катары алар сенатор Жон Керрини көрсөтүштү.
Демократиялык партиянын Бостондо өтүп жаткан улуттук курултайында кечээ сүйлөгөн сенатор Эдуард Кеннеди Ирак согушу жарака кетирген АКШнын дүйнөдөгү үстөмдүгүн президенттикке талапкер Жон Керри гана калыбына келтирет деген үмүттө:
- Азыркы өкмөт АКШнын мурдагы союздаштарды обочолонтту. Өлкөнүн коопсуздугун бекемдегенден көрө АКШны ого берет алсыз кылып таштады. Азыркы бийлик терроризмга жана “ал-Каидага” каршы күрөштү да начарлатты. Мунун баарына жол бербеш керек болчу, - дейт Кеннеди.
Курултайда партиянын саясий программасы кабыл алынды. Анда өлкөдөгү коопсуздукту бекемдеп, АКШнын эл аралык коомчулуктагы абройун калыбына келтирүү башкы мүдөө катары көрсөтүлгөн. Бүгүн курултайга Жон Керри да келери жана эртең сүйлөрү күтүлүүдө.