Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:18

"КАНТИП ИШКЕРЛИК КЫЛУУ КЕРЕК?": 1- БЕРҮҮ: «АТЫҢ ЖАКШЫ АКЧАБАЙ»


Сапар Орозбаков, Бишкек Акчаны жаман көргөн киши болбосо керек. Аны жашы да, карысы да, орусу да, кыргызы да, байы да, кедейи да – баары жакшы көрүшөт. Жада калса кичинекей бөбөктөр да акча эмне экенин билет. Ким акча берем десе баардыгына даярбыз. Кызматка орношсоң, кайсы жер көбүрөөк айлык берсе, ошол жерге орношосуң. Бирдеме сатсаң да, ким башкалардан ашык акча берсе, ошого сатасың. Акча үчүн кыйышпас адамдар менен да жаман-жакшы айтышкан күндөрүбүз болот. Акча үчүн тууган-уруктарын, дос-тааныштарын саткандар бар. Жүз сом үчүн адам өлтүрүп кеткендер да чыгып жатат.

Байлыктын экинчи бети - жокчулук. Бай болгуң келбесе кедей болосуң. Бирок жээрге наның жок, кийээрге кийимиң жок болуп, бирөөнүн көзүн карап жалдырап турсаң, андан өткөн кордук болбосо керек. Андай жашоо кимге жаксын.

Адам баласы дайыма жакшы жашоого умтулат. Ошондуктан алар көп акча тапкылары келишет. Анткени акча, жейм десең тамак-аш, кийем десең кийим болуп берет. Акча - үстүндөгү үйүң, минген машинең. Акчанын күчү – ага каалаганыңды сатып ала аласың. Акча - бул эркиндик. Акчаң болсо каалагандай жашайсың. Ошондуктан акча үчүн үй бетин көрбөй керели кечке иште жүрөбүз. Үй-бүлөнү таштап чет өлкөлөргө чейин чыгып жатабыз. Өлбөй тургансып карыганча иштеп, өмүр бою байлык топтойбуз.

Бирок адамдардын акчага, байлыкка карата мамилеси дайыма эле бирдей болгон эмес. Байлыкты танып, аны жек көрүүгө чакыргандар ар кайсы заманда болуп келген. Андайлар азыр деле көп. Материалдык байлык менен ички дүйнөнүн байлыгын бөлүп карап, аларды бири бирине каршы койгон философиялык көз караш социализдин туткунунан кутула албай жаткан Кыргызстанда гана эмес, капиталисттик өлкөлөрдө да күчтүү. Алар «адам биринчи кезекте бактылуу болууну көздөйт, бакытты болсо акчага сатып ала албайсың, дүнүйө колдун кири, байлык адамды бузат» дешет. Алар байларды ач көз, алдамчы деп, а түгүл кылмышкер катары көрсөтүшөт. Акча, байлык деген эмне? Байлыкты алар ошончо эле жакшы көрүшөбү? Ушул суроону байлардын өздөрүнө берип көрөлү.

Суроо: - Сиз өзүңүздү баймын деп ойлойсузбу?

Чыныбай Турсунбеков, «Акун» компаниясынын жетекчиси:

- Мен көп кишилерге караганда салыштырмалуу бай болсом керек. Бай элемин деп эсептейм.

Суроо: - Канча байлыгыңыз бар?

- Эми байлыкты ким кандай эсептейт, кеп ошондо. Мен өзүм рухий байлыктарым менен сыймыктанам. Мен ыр жазам. Бир топ рухий байлыктарым бар деп ойлойм.

Суроо: - Мен материалдык байлык жөнүндө сурап жатам. Канча үйүңүз, канча машинеңиз бар деп жатам?

- Мен турмушка мындай мамиле кылам. Мен көп үй алып, жайнатып коюшту байлык эмес деп эсептейм. Он машине алып тизип коюш байлык эмес. Мисалы, менин кызматтык бир эле машинем бар. Мага жетет ошол. Эгерде ал кызматтык машинем эскирип калса, мен жаңыртып алып турам. Белгилүү учурда – 2-3 жылда бир жаңыртып алып турам. Мен эки-үч машине алып гаражга токтотуп койгондон эч пайда жок деп эсептейм. Мен турмушка ишкердин көзү менен карайм. Мага машине алып, кыймылсыз мүлк кылып коюп койгондон көрө, 4 көмүт үй алып, аны 100 долларга берип коюп, 100 доллардын көзүн карагандан көрө - андан көрө ошол манинеге жана үйгө кеткен акчаны жүгүртүп, көбүрөөк акча табуу маанилүү.

Суроо: - Акчага кызмат, аял, досторду сатып алса болот, баарын сатып алса болот деген сөз бар. Буга сиздин оюңуз кандай?

- Албетте, акчага көп нерсени сатып алса болот. Ал туура. Кызматтарды сатып алып жүргөндөрү жашыруун эмес. Досторду, аялдарды, кыздарды сатып алып жаткандыктары жөнүндө айтылып жүрөт. Анын баары турмушта бар. Бул реалдуу фактылардан чыккан сөз, Бирок ошол эле учурда менин баамымда, баардык нерсе сатылбайт. Мисалы, адамдар ортосунда ыйык мамилелер бар. Алар акчага сатылбайт.

Өмүрбек Абдрахманов, «Азат» компаниясынын жетекчиси:

- Көп адамдар бай десе эле акчанын үстүндө эле жатат деп ойлошот. Андай эмес да. Кээ бир бизнесмендер бар. Менин, мисалы «Шоро» компаниясын жетектеген Табылды Эгембердиев деген досум бар. Качан сурасаң, чөнтөгүндө акчасы жок. Бүт баарын – тапкан-ташыганын заводго жумшайт. Өнүгүүгө жумшайт. Үйүндө жакшыраак мебели жок. Ушундай да адамдар бар да. Маселен, дүйнөнүн эң биринчи бай кишиси Билл Гейтс деген адам бар. Ал деле өтө жупуну эле жашайт экен. Эл катары эле. Биздин коомдо акчага болгон мамиле социализмден эле калып калган бойдон. Жөнөкөй адамдар айтышса мейли эле, көп бизнесмендер «акча жаман, акчага байланбаш керек, акчанын артынан өлөсүңбү» деген сөздөрдү айтышат. Мен акчаны сүйүш керек деп айтар элем. Биздин коом бай болууга аракет кылыш керек.

Табылды Эгембердиев, «Шоро» компаниясынын ээси:

- Байлык акчада болбойт. Көп кишилер байлык акчада деп ойлошот. Акча - байлык эмес. Акча бир күнү инфляция болуп кетет. Акчаны бир күнү уурдап кетет. Акча күйүп да кетиши мүмкүн. Акча суудай нерсе – бир күнү бар да, бир күнү жок. Байлык өндүрүштө. Мен акча тапкан жокмун. Мен акчаны жасаган өндүрүштү бутка койдум. Байлык мына ушунда. Менин байлыгым өзгөчө байлык. Мен тапкан акчамдын көлөмүн эсептебейм. Салган үйүмдү эсептебейм. Үйүм жок. Үй сала элекмин. Кудай буюрса салармын. Мен тепкен машинем менен мактанбайм. Мен жасаган ишим менен мактанам. Мен кыргыздын жок болуп кеткен тамагын тирилтип, ушуну дүйнөгө таратпасам да, коңшу мамлекеттерге чыгарып кетсем, менден ашкан бай адам жок болсо керек деп ойлойм.

Суроо: - Акчага баарын сатып алса болот дешет. Сиз ушуга эмне дээр элеңиз?

- Мен буга каршымын. Мен эч нерсе сатып алгым келбейт. Мен бийликке да ошол үчүн барган жокмун. Мен өзүмдү кандай киши экемин билбейм мен прораб болуп иштеп жүрдүм. Прорабдар бай жашашчу. Мен кедей жашачумун. Мен өмүр бою айлыкка жашаган кишимин. Ооба, менин акчам бар. Мен ага эч нерсе сатып албайм. Мен акчама ишти гана жасап жатам.

Айтылгандардан көрүнүп тургандай байлардын өздөрүндө да байлык тууралуу бир пикир жок. Алардын айрымдары акча табууну максат деп эсептешпейт. Бирок алар акча таап жатышат. Биз сыяктуу айлыктан айлыкка акча санап жашашпайт. Алар акча тапканда да көп табышат. Эмне үчүн алар байлыкты анча жакшы көрүшпөсө да акча таба алышат? Алардын акча табуу сыры эмнеде?

Маалымат иретинде: «Форбс» журналынын акыркы изилдөөсү боюнча дүйнө жүзүндө 587 миллиардер бар. Миллиардерлер дүйнөнүн 43 өлкөсүндө жашашат. Бирок байлардын көпчүлүгү АКШда. Учурда Америка 271 миллиардердин мекени. Европа өлкөлөрүндө 235, Азияда жашаган байлардын саны 81.

Жер жүзүндөгү эң бай адам - Mikrosoft корпорациясынын ээси, 49 жаштагы Билл Гейтс. Ал-тогуз жылдан бери дүйнөдөгү бай адамдардын башында турат, байлыгы 46,8 млрд. доллар. Билл Гейтс - бүткүл дүйнөлүк компьютер бизнесинин башында турат, 1975-жылы Майкрософт компаниясын түзгөн. Ошол убакыттан бери Билл Гейтс Майкрософт корпорациясынын башкы директору болуп саналат.
Бүгүнкү күндө жер жүзүндөгү персоналдык компьютер пайдалануучулардын 80% Гейтстин Майкрософт корпорациясы түзгөн операциялык системалар менен иштешет. 1998-жылы Билл Гейтстин капиталы дээрлик 100 млрдды чапчыган эле. 1999-жылы АКШ бийлиги компанияны антимонополиялык мыйзамды бузган деп күнөөлөп, 3,2 млрд. доллар айыпка жыккан. 2001-жылы 11-сентябрда болгон окуядан кийинки экономикалык кыйроо мезгилинде компания 20 млрд. доллардан ашуун каражатын жоготкон деп жазат «Форбс» журналы.

Ал эми 43 миллиард доллар байлыктын ээси Уорен Баффетт Билл Гейтстен кийинки орунда турат. Үчүнчү орундагы «майда сооданын падышалары» деп аталышкан бир тууган Карл жана Тео Альбрехттердин байлыгы дээрлик 23 млрдга жакын. Алардан кийинки орунга Сауд Аравиясынан канзаада Аль Валид бен Талаль 21,5 млрд. доллары менен чыккан. Ал эми мурунку жылдары 4-орунда турган Пол Аллен өзүнүн 21 млрд долларлык байлыгы менен булардан артта калды.

Миллиардерлердин арасында Орусиялык бизнесмендер да бар. Алардын башында ЮКОС компаниясынын мурдагы жетекчиси Михаил Ходорковский 15 млрд. долларга жакын, Чукотканын губернатору Роман Абрамович 10,6 млрд. долларлык байлыгы менен Жер планетасындагы эң бай адамдардын катарын толукташкан. Орусия бай адамдарынын саны менен дүйнөдө АКШ жана Германиядан кийинки 3-орунга чыгып, Жапан өлкөсүнүн байларын артка калтырды. Бирок Орусия миллиардерлеринин байлыгына тартип коргоо органдары тарабынан эң көп иш козголгон өлкө катары дүйнөдө биринчи орунда турат деп жазат «Ведомости» журналы. Михаил Ходорковский өзүнүн шериги Платон Лебедев менен түрмөдө отурат.

«Форбс» журналы түзгөн дүйнөдөгү бай адамдардын тизмесине Кыргызстандан эч кимдин аты-жөнү киргизилген эмес. Ал эми байлыгы 500 миллиондон ашуун болгон бай адамдардын арасында эки орусиялык өзбек бар.

Кечээ эле – совет доорунда элдин баары тегиз – иштегени да, иштебегени да бирдей айлык алып, кедей-байы билинбей бирдей жашаган. Социализм баюуга тыюу салган. Бүгүн болсо заман башка. Канча акча табам десең өзүң билесиң. Кааласаң миллионер, кааласаң миллиардер бол. Өкмөт ага тыюу салмак турсун, сизди кош колдоп колдойт. Ага жамандыр-жакшыдыр шарт да бар.

Акыркы 10-15 жылда Кыргызстанда акчаны тутамдап кармап, аны кайда батырарын билбеген байлар пайда болду. Бирок негизинен Кыргызстанда ишкерлик жакшы өнүгө албай жатат. Аны Кыргызстандын экономикасынын абалынан эле байкаса болот. Расмий статистикалык маалыматтарга караганда өлкөнүн элинин жармына жакыны жакыр жашайт. Ошол эле расмий маалыматтар Кыргызстанда жашаган башка улуттарга караганда жергиликтүү эл кыргыздар жакыр жашарын көрсөтүп жатат. Кыргызстанда улуттардын ишкерлиги туураалуу изилдөө жок. Бирок орустар, корейлер, дунгандар билинбеген менен, кыргыздарга караганда ишкерликти жакшы өздөштүрүп, көбүрөөк акча таап жатышкандай туюлат.

Кыргызстанга Кытайдан, Ирандан, Түркиядан келип ишкерлик кылышкандар бар. Кыргыздар болсо өз жеринде алардай ишкерлик кыла алышпайт. Эмне үчүн кыргыздар заман берген зор мүмикүнчүлүктөн жакшы пайдалана алышпайт?

Салижан Жигитов, белгилүү ойчул окумуштуу:

- Баардык жагынан эле – илимде деле, саясатта деле, жөн турмушта деле, айыл чарбада деле, фабрикаларда деле кыргыздар жалкоо болуп жатышпайбы. Кыргыздар жалкоо. «Кыргыз жалкоо» деген түшүнүк башка элдердин ой-пикиринде да бар. Дунгандар балдарын каргаса «кыргыз болуп кал» деп каргайт. Ушуну элибизге ар кандай жол менен түшүндүрүшүбүз керек. «Биздин деле башыбыз бар. Биздин деле эки кол, эки аягыбыз бар. Мээбиз бар. Биздин деле башка элдердей жашаганга физикалык мүмкүнчүлүктөрүбүз жетет» деп.

- Салижан аке, базар экономикасына өткөнүбүзгө 10 жылдан да ашып кетти. Ушул мезгил аралыгында кыргыздарда кичиней болсо да өзгөрүү болдубу?

- Сөзсүз да. Эч кимдин өлгүсү келбейт. Айыл-апаларда тырмышып, жер тырмалап калды. Кыргыз соодага аябай үйрөндү. Соода эл чарбасынын бир маанилүү тармагы да. Бирок маданият жетпей жатат. Сылыктык жетпейт. Клиенттерди тартуу жетпейт. Алдап ийип, бирдеме кылып ийип, ишенимден чыгып калып жатышпайбы. Мен башка элден сурасам «базарга барганда кыргыздан албайбыз» деп келишет. Эми кыргыздар иштеп жатышат. Бирок кыргыздар бирөө өлсө 5 жылкыны деле союп салышат. 5 жылкы өзү 2 миң доллар турат. 2 миң долларга - чөп чапканга, аны-муну ташыганга, жерин айдаганга минитрактор сатып албайбы. Долларга келгенде өкмөттөн сурайт. Өкмөт акча берсе, кредит берсе дейт. Өзү болсо 2 миң долларды чачып жиберет. Кыргыздын өлүмү 5 миң доллар турат. Өлгөндөн кийин ашы-кыркы берилет. Анда да бирди соёт. Андан кийин эстелигин коёт. Эстелиги да эч кур дегенде 3 миң доллар турат экен. Кыргыз тирүүгө эмес, өлгөнгө кам көрөт. Тирүүлөрдү сыйлабайт. Өлгөндү сыйлайт. Кыргыз бала-чакасына китеп сатып бербейт да. Ага акчасы жетпей калат. Анан той кылсак дейт. Берген акчамды кайра алсам дейт. Балакеттиби. Кайра эле эртеси той чыгып, жыйнаган акчасы кайра эле чыгып кетет. Ошон үчүн мен «өзгөрүү бар, бирок принципиалдуу, радикалдуу өзгөрүү жок» деп айтар элем. Капитализм жакшы кирбей жатат да бизге. Капитализм өзүнүн ырайымсыз жактары менен кирип, элди иштетпей жатпайбы. Базар экономикасынын рычагдары кыйчылдап жакшы жүрбөй, биз капитализмдин эшигинде темселеп, топтолуп турбайбызбы. Трагедия ошондо болуп жатпайбы.

XS
SM
MD
LG