Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:09

“КӨК БӨРҮ” МЕЛДЕШИ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ТАЙМАШ


Султанаалы Арстанбек, Бишкек Кыргыз Республикасынын президентинин кубогу үчүн болуучу "Көкбөрү" мелдеши боюнча эл аралык таймаштын башталаарына саналуу күндөр калды.

Башта аш, тойлордун гана көңүл ачуучу оюнуна айланып калган "Көкбөрү" мелдеши акыркы жети-сегиз жылдан бери расмий спорттун түрүнө киргизилип, улуттун намысын көтөрүүчү көөнө мурас катары сыймыкка айланды. Акыркы беш жылда ата бабалары көчмөн дүйнөнүн мураскерлери болгон элдер менен байланыш түзүлүп, натыйжада төрт мамлекет Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан түзүүчүлөр болуп эсептелген эл аралык "Көкбөрү" федерациясы түзүлгөн. Бир эмес, бир нече мамлекеттен, тагыраак айтканда, отуздай мамлекттин ат оюндарына кызыкдар инсандар дүйнөнүн ар кайсы бурчунан көрүүчү катары келип, катышуусу көнүмүшкө айланган эл аралык мелдештин быйылкы тагдыры кандай болоорун билүү максатында эл аралык "Көкбөрү" федерациясынын генералдык катчысы, Кыргыз эл депутаты Болотбек Шерниязовго кайрылганыбызда:

- Майрамды өткөрү үчүн азыр 260 адам федерацияда иштеп, даярдык көрүп жатышат. Мынакей бүгүн сценаристтер, режиссерлор, художник-постановщиктер, музыкалык режиссерлор менен жыйын өттүк. Даярдык башталганына бир айдан ашып калды.

Ушул эл аралык "Көкбөрү" мелдешине канча мамлекеттен оюнчулар келиши күтүлүүдө?

- Монголия менен Венгриядан быйыл өкүлдөр келе турган болду. Биздин эреже менен таанышып, тартып, оюнду көрүп кеткенге азырынча бул оюнга алты мамлекет макулдугун беришти.
Алар кайсы мамлекеттер? Мурдагы жылы Ооган мамлекетинен келди эле, быйыл алака кандай болуп атат?

- Алтай, Кытай, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан келе турган болду. Самолет менен келип кетишин эл аралык федерация бардык каражаттарын өз мойнуна алды эле. Быйыл сүйлөшүүлөр жүрүп атат, келебиз деп турушат бирок каражатыбыз жок деген сунуш болуп атат.

- Эл аралык "Көк бөрү" мелдешинин өтүшүнө канча чыгым жумшалат?

- Былтыркы чыгымдын кетиши баш аягы 14 млн. сомдун тегерегинде болгон. Быйылкы жылы деле ошол деңгээлге барат. Өкмөт тараптан 2 млн. сомго чейин, ал эми калганы башка уюмдардан алынат, - деди эл аралык "Көкбөрү" федерациясынын генералдык катчысы Болотбек Шерниязов.

Эл аралык таймашты улуттук баалуулуктарды аралаштыруу менен шөкөттөп, кызыктуу өткөрүү үчүн түзүлгөн чыгармачыл топтун аракеттери тууралуу акын жана котормочу Кыялбек Урманбетов:

- Байыркы бабалардан калган Көкбөрү таймашы улуттук оюн катары бааланып жүрөт. Ошондон улам ойлосок болот. Көкбөрүнү тартып кетип бара жаткан жигиттер илгирликке машыгуу да, сырттан каптап келген жоого да көкбөрүүчү жигиттер кадимкидей көкбөрүнү тарткандай эле кээ бирде душмандарын тартып кеткен. Ошон үчүн көкбөрү эр оюну деп аталып калса керек. Сценарийде да ошого басым жасалып, салтка айланып калган манасчыларды коштук. Манас айтылып жатканда көкүрөгүндө оту бар кыргыздын отун жандырып, атуулдук сезимин ойготот. Баш манасчылар ар бир команданын атын атап, ылайыктап жазылган манастын духу менен тааныштырат. Быйылкы оюн, таймаш өтө катуу болот. Себеби ар бир республикадан өкүлдөр келип жаткандан кийин, ар бир өлкө өзүнүн намысын талашат деп ойлойм. Уят болбос үчүн керек болсо башын сайып коюп ойнош керек, - деди сценарий түзүү тобунун мүчөсү Кыялбек Урманбетов.

Августтун аягында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк майрамынын урматына Бишкек калаасынын борбордук "Аккула" ат майданында өткөрүлүүчү эл аралык "Көкбөрү" таймашы өткөн жылдагыдан да кызыктуу болоор.
XS
SM
MD
LG