Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:39

Иракта барымтага алынган туткундардын бири жакында өлтүрүлүшү мүмкүн


Индия өкмөтүнүн айтымында, Иракта барымтага алынган индиялык үч жаранды бошотуу үчүн бардык мүмкүн болгон аракеттер көрүлүүдө, алардын бири бүгүн өлтүрүлүшү мүмкүн. Туткундар бир кувейттик компания үчүн иштеген жана барымтачылар ал компаниянын бардык иштеринин токтотулушун талап кылууда. Компанияда иштеген дагы үч мисирлик жана бир кениялык жаран дагы туткунга алынган. Фаллужа шаарынын алдында болсо түндө америкалык аскерлер менен жергиликтүү согушкерлер ортосунда ок атышуу болду. Доктурлардын айтымында, кеминде тогуз согушкер өлтүрүлдү.

XS
SM
MD
LG