Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:12

Индонезия менен Малайзия Иракка аскер жибербейт


Индонезия менен Малайзиянын жетекчилиги бүгүн атайын билдирүү жасап, Иракка аскер жибербей турганын жарыялашты. Индонезиянын Тышкы иштер министрлигинин айтымында, өлкө Иракка аскер жиберсе, ал Бириккен Улуттардын бейпилдик күчтөрүнүн катарында гана болушу мүмкүн. Малайзиянын тышкы иштер министри Саед Хамид Албардын айтымында болсо, Иракта коопсуздук орногондо Малайзия бул өлкөгө медик адистерди гана жибериши мүмкүн. Иракка мусулман өлкөлөрүнүн аскерлерин жиберүү демилгесин Сауд Арабия көтөргөн.

XS
SM
MD
LG