Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:40

ОРУСИЯГА БАТЫШПАГАН МЕСХЕТИЯЛЫК ТҮРКТӨР АКШдан МЕКЕН ТАБЫШАТ


Төрөкул Дооров, Москва Ушул жылдын баш чендеринде Миграция боюнча эларалык уюм Орусиянын Краснодар областындагы месхет түрктөрдү АКШга көчүрүп келүү боюнча атайын долбоорду ишке киргизди. Аталган долбоор АКШ тарабынан каржыланып, ондогон жылдар бою өзүнүн тарыхый мекенине кайта албай жүрүшкөн месхетиялык түрктөрдү эми АКШнын аймагында отурукташтыруу планын турмушка ашырат.

Негизи, месхет-түрктөрдүн каргашалуу тагдыры «сталиндик каарга» калышкан көптөгөн кавказ элдериникиндей эле кайгылуу. Бирок башкалардан айырмаланып, алар азырга чейин өз мекенинде жашоого уруксат алыша элек. Жакында Краснодар областында отурукташкан месхет-түрктөрүнүн турмушунда чоң өзгөрүүлөр башталды.

Месхетиялык түрктөр менен түркиялык түрктөрдүн айырмасы ар бир эле угарманга белгилүү боло бербесе керек. Жалпысынан алып караганда, алардын ортосунда анчалык чоң айырма деле жоктой сезилет. Түркиялык түрктөр да, месхетиялык түрктөр да ислам динин тутунушат жана көпчүлүк бөлүгү өздөрүн этникалык түрктөрдүн катарына кошушат.

Ал эми географиялык жактан алып караганда, месхетиялык түрктөрдүн түпкү теги Грузиянын түштүк бөлүгүнөн Түркия менен чектеш Месхетия регионунан болот. Ушундан улам аларды көп учурда башка түрктөрдөн «месхетиялыктар» деп айырмалоо адатка айлана баштаган.

Ушул мезгилде месхетиялык түрктөр арасында кай бирөөлөр өздөрүнүн түпкү теги түрктөрдөн уланган деп билишкени менен, айрымдары өздөрүн грузин элинин катарына кошушат.

Айрым тарыхый маалыматтарга ылайык, Грузиянын Түркияга жакын райондорунда жашаган месхетиялык грузиндер 16-17-кылымдарда түркиялык бийликтердин басымы астында ислам динин кабыл алышып, керек болсо тилин да өзгөртүүгө мажбур болушкан экен.

Канткен менен 20-кылымдын орто чендеринен баштап бул элдин турмушунда олуттуу өзгөрүүлөр башталат. 1944-жылы Сталиндин буйругу менен «Грузияга немисттер жакындап келе жатышат» деген шылтоо менен Грузиянын аймагынан калмыктар жана чечендер менен кошо месхетиялык-түрктөр да СССРдин түштүк бөлүгүнө, башкача айтканда, Орто Азияга көчүрүлүшкөн.

Андан кийин заман өзгөрүп, улуттук азчылыктардын проблемалары акырындап чечиле баштайт, бирок месхетиялык түрктөрдүн проблемасын чечүүгө Советтик Грузиянын да, Орусиянын да бийликтери кызыгуу арттырышкан жок. Алар дайыма ишти артка жылдыра беришти.

Өзбекстандын Фергана өрөөнүндө отурукташкан месхетиялык түрктөр 1980-жылдары массалык чабуулга дуушар болушуп, Орусияны көздөй качышат. Алардын көпчүлүгү кийин Азербайжанга, дагы бир бөлүгү Краснодар областына жайгашышкан. Ушул тапта Краснодар областында 12-миңдин тегерегинде месхетиялык түрктөр бар, бирок алардын ичинен 5 миңге жетпеген адам гана Орусиянын атуулдугун ала алды. 15 жылдай мезгилден бери «мыйзамсыз» жашап жүрөт деп эсептелген 7 миңдей адамдын арасында жаңы муун өсүп, жетилди.

Эми азаптан башы көтөрүлбөй келаткан месхетин-түрктөрүнө АКШнын бийликтери жардам көрсөтүүнү туура көрүп, Краснодар областындагы 11 месхетин-түрктөрдөн турган биринчи топту 21-июль күнү Америка Кошмо Штаттарына жеткирген. Кийинчерээк экинчи топ да жиберилип, жалпысынан 84 адам бүгүн АКШга жеткирилди.

Месхетин-түрктөрүнүн «Ватан» уюмунун Краснодар областындагы өкүлү Сарвар Тедоровдун айтымында, АКШ тарабынан каржыланып, ишке кирген бул долбоор месхетиялык-түрктөрдүн жеке каалоосу менен ишке ашырылууда.

- Эгерде адамды үйүндө токмоктоп, эшиктин босогосуна куралчандар менен заардуу иттерди коюп коюшса, ал киши жанын сактап калыш үчүн тезеренин ачылма көзүнөн же форточкасынан да чыгып кетүүгө аракет жасай баштайт. Дээрлик ушундай эле абалда калган биздин эл бул жердеги бийликтин ыктымал кордугунан качып кутулуу аракетинде. АКШ бийликтерине ыраазыбыз, бизди бул азаптан куткара турган болуп жатат. Биз өзүбүздүн балдарды, келечегибизди сактап калуу үчүн ушундай жолдорго барууга мажбурбуз, - деди месхетин-түрктөрүнүн «Ватан» уюмунун Краснодар областындагы өкүлү Тедоров мырза.

Краснодар областынын бийлиги, биринчи кезекте, областтын губернатору Александр Ткачюк АКШнын чечимин жылуу кабыл алды, анткени ушуну менен анын башын көптөн бери оорутуп келген месхетин-түрктөрүнүн проблемасы да чечилип калат өңдүү.

Бирок Новороссийсктеги «Тынчтык мектебинин» өкүлү Вадим Карастелевдин айтымында, Краснодар областынын жетекчилиги дагы эле месхетин-түрктөрүнүн аракеттерине тоскоолдук көрсөтүүнү токтото элек экен. Ал Губернатор Ткачев жана месхетин-түрктөрү жашаган райондордун жетекчилери алардын көчүп кетишине жардам көрсөтүү убадасын беришкени менен көптөрдүн менчик үйлөрүн тартып алууга далалат жасап жатышкандыгын айтты.

Негизи, Орусиянын Краснодар крайында башка улуттагыларга болгон терс мамиле күч экендиги жакшы маалым. Улутчул жаштардын бир канча ирет кайталанган башка улуттагыларга болгон чабуулдары көпчүлүк учурда жетиштүү көзөмөлгө алынбайт.

«Эми бул көрүнүштөр өлкөнүн президенти тарабынан да колдоого алына баштаганын угуп, бул өлкөдөн кетүүнү чечтим дейт Тедоров мырза:

- Мен АКШга кетүү үчүн арызды 24-майда жаздым. Сыналгыдан президент Путиндин Ткачевко колдоо көрсөтөөрүн угуп, аялым ыйлап жиберди. Ошондо Орусиядан кетүү зарыл экендигин түшүндүм. Мен эми Америкада туруп, өзүмдүн жеке адамдык укуктарымды коргой алам деп ишенем.

Месхетиялык түрктөр ушул тапта Орусиянын Краснодар областында, Азербайжанда жана Орто Азияда (Кыргызстанда, Казакстанда жана Өзбекстанда) жашашат.

АКШда аларга келиши менен мигрант күбөлүгү, социалдык жеңилдиктер жана турак-жай берилип, англис тилин үйрөнүүдө жардам көрсөтүлөт. Кийинчерээк өлкөнүн атуулдугу да берилиши керек.

XS
SM
MD
LG