Жума күнү Ташкендин үч башка жеринде жүзөгө ашырылган жардыруулардын айынан үч жан кечтиден тышкары 3 адам набыт кетип, тогуз киши жаракат алды.
Өлгөндөрдүн экөө - Израил элчилигин кайтарган өзбек сакчылары болчу. Ал эми АКШ элчилигин кайтарган бир өзбек сакчысы окуя болгондун эртеси күнү – ишембиде ооруканада көз жумду.
Өзбекстандын президенти Ислам Каримов ишемби күнү кечинде өкмөттүк шашылыш жыйын өткөрүп, Ташкенде 30-июлда АКШ менен Израилдин элчиликтеринин маңдайында жана өлкөнүн Башкы прокуратурасынын имаратынын улагасында болгон жардырууларга “Хизб ут-Тахрир” уюму жооптуу деп жарыялады. Президент Каримов ошондой эле “Хизб ут-Тахрир” уюму үстүбүздөгү жылдын март, апрель айларында Ташкен менен Бухарада болгон жардыруулар үчүн да жооптуу деген көз карашын билдирди. Бул жардыруулардан 47 адам набыт кеткен жана алардын ичинен 33 киши - өзүн өзү жардырган жан кечтилер катары айтылып келет.
Ислам Каримов “Хизб ут-Тахрир” уюмун төмөнкүдөй күнөөлөдү:
- Өздөрүн адам укуктарын коргогон уюмдар деп атаган айрым күчтөр, топтор бар. Алар “Хизб ут-Тахрир” уюмунун эч кандай күнөөсү жок деп айтышат. Иш жүзүндө бул топтор көпчүлүктү алдап, өздүрүнүн катарларын кеңейтүүгө аракеттерди жасашууда. Мен дагы бир ирет кайталап койоюн, алардын максаттары террордук акттар болгон учурларда байкалат. Алар бүгүн иш-аракеттерин активдештирүү аракеттерин көрүшүүдө , -деген пикирин билдирди президент Каримов.
Ал эми “Хизб ут-Тахрир” уюмунун Лондондогу бөлүмүнүн өкүлү Хасан ал-Хасан уюм менен Ташкендеги жардыруулардын ортосунда эч кандай байланыш жок деп, президент Каримовдун уюмга карата айткан айыптоолорун четке какты:
- Айрым маалымат каражаттары жана интернеттеги кээ бир жаңылыктар сайттары Ташкендеги жардырууларды “Хизб ут-Тахрир” уюму менен байланыштырууда. Уюмга карата айтылган мындай доолор негизсиз .
Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Кофи Аннандын өткөн жума күнү Ташкенде болгон жардырууларга карата пикирин анын өкүлү Окайб айым мындайча билдирди:
- Баш катчы мындай кылмыштуу иш-аракеттерди өтө олуттуу деңгээлде айыптайт. Дипломатиялык миссиялар менен атуулдарды өлтүрүүнү көздөө менен жасалган кылмыш эч кандай себептер менен өзүн актай албайт, - деп билдирди Кофи Аннандын маалымат катчысы.
Ал эми Ташкендеги укук коргоочу Талиб Якубов бийликке карата нааразылыктын күчөшү жардырууларга себеп болду деген көз карашын билдирди:
- Март–апрель айларында болгон окуялардан кийин адамдардын бйиликке нааразылыгы өтө күчөп кетти. Ушуга байланыштуу жанынан кечкен адамдар муну жасашы мүмкүн.
Кыргызстандагы “Атуулдук коом коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун төрайымы, укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова да Өзбекстандагы жардырууларга өлкөдөгү режим башкы себеп болууда деген көз карашта:
- Акыркы жылдары демократиялык жараяндарга бийлик тарабынан кысым жасалып, тоскоолдуктар көрсөтүлүп жатат. Ошондуктан, адамдар акыркы кадамга барууга мажбур болушууда. Атуулдардын бул режимге карата нааразылыгы күчөп баратат.
Ал эми өзбек саясатчысы Баходыр Мусаевдин пикиринде, соңку мезгилде террордук уюмдардын борбору коңшу Ооганстан менен Тажикстандан Өзбекстанга жыла баштады:
- Менин пикиримде террордук уюмдар Ооганстандан жана жакында эле сасий туруктуулук орнотула элек абалда турган Тажикстандан Өзбекстанга карай жыла баштады. Террордук уюмдар барган сайын өздөрүнүн ишмердүүлүгүн активдештирүүгө аракет көрүп жаткандыгына күбө болуп жатабыз.
Казакстандын тышкы иштер министрлигинин Коопсуздук департаментинин жетекчиси Ялихан Коңуратбаев Ташкендеги жардыруулар боюнча мындайча көз карашын билдирди:
-Ушундай өкүнүчтүү окуя болуп отургандыгы өтө жаман көрүнүш. Өзбектер бизге жакын эл. Бул эми терроризмдин эң жаман көрүнүшү. Жардырууларды жасаган адамдар жазаланышы керек.
Ал эми Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат бөлүм башчысы Кенжебулат Бекназаров Өзбекстандагы окуяга байланыштуу:
- Биз Өзбекстан менен болгон чегара коопсуздук чараларын күчөттүк. Бирок чегара жабылган жок. Миграция, бажы кзматтарын өз жумуштарын күчөтүштү, - деди.
Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев Ташкендеги жардыруулар жергиликтүү террордук уюмдар тарабынан жасалууда жана Борбор Азия регионунда терроризмге каршы биргелешип күрөшүү зарыл деген пикирин билдирди:
- Муну жергиликтүү террордук уюмдар жасашууда. Бул - биринчиден. Экинчиден, ачык айтканда, көп уюмдар, калктын айрым катмарлары Өзбекстандагы азыркы режимге каршы чыгып атат. Үчүнчүдөн, бул албетте, бир гана Өзбекстандын эмес, жалпы Борбор Азия регионунун коопсуздук маселеси. Ошондуктан, биргелешкен иш-чаралар көрүлбөсө, мындай террордук чабуулдар менен күрөшүү кыйын.
АКШ менен Изриалдин өкмөтү, ошондой эле Орусиянын тышкы иштер министрлиги да Ташкендеги жардыруулардын уюштуруучуларын айыптаган билдирүүлөрүн жарыялады.