Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:11

Аскар Айтматов Өзбекстандык кесиптешине көңүл айтты

БИШКЕК. Тышкы иштер министрлигинин бүгүн тараткан маалыматына караганда, Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов Ташкендеги 29-июлдагы жардырууга байланыштуу Өзбекстандын тышкы иштер министри Садык Сафаевге көңүл айтты. Бул күнү Ташкенде үч жерде жардыруу болуп, анда үч адам набыт болуп, 9 киши жаракат алганы айтылып жатат. Ал эми мындан мурдагы террордук жардыруу Ташкендин бир нече жеринде март айында да болуп, ал көп сандаган адамдардын өмүрүнө залал келтирген.
XS
SM
MD
LG