Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:37

Ташкендеги соңку бомба жардырууларынын жаңырыгы


Марттын соңу жана апрелдин алгачкы күндөрү Ташкенде жана Бухарада болгон биркатар чабуулдардын катышуучулары деп күнөөлөнүп кармалган 15 адамдын соту жума күнү Ташкенде өткөн жаңы бомба чабуулдарына байланыштуу бүгүн болбой калды.

Соттун төрагасы айыпкерлердин адвокаты ооруп калгандан улам “жараян убактынча токтотулду” деп билдирди. 13 эркек жана 2 аялдын соту өткөн аптада башталган.

Ташкенде болгон бомба жардырууларын иликтөөгө израилдик тергөөчүлөр жардамдашат. Алар, Израиль элчиликанасынын билдиришинче, өзбекстандык коллегалары менен чогуу иштешет.

Жума күнкү бомба чабуулунан Израиль элчилигинин эки өзбек күзөтчүсү, АКШ элчилигинин бир өзбек күзөтчүсү жана үч жанкечти өлгөн. Сегиз киши жарадар болгон.

Казакстан Ташкендеги акыркы бомба жардырууларынан улам Өзбекстан жак чек арасын күзөтүүнү күчөттү.

Жума күнкү Ташкенде болгон чабуулдар үчүн жоопкерчиликти мурда белгисиз “Исламдын ыйык казаты” деп аталган топ өзүнө алган.

XS
SM
MD
LG