БИШКЕК. Авгсуст айынын экинчи жарымынын башында суу-энергетика тармагында кызматташуу боюнча үч тараптуу - кыргыз, өзбек жана казак сүйлөшүүлөрү Бишкекте болот. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы суу департаментинин төрагасы Жеңишбек Бекболотов билдирди. Анда региондогу суу-энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жөнүндө сөз болмокчу.