Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Кыргыз коомчулугу бүгүн коммунисттердин лидери, эл депутаты А.Масалиев менен коштошту


Тажыяга кыргыз президенти А.Акаев баш болгон өкмөт жетекчилери, саясатчылар катышышты. Кыргызстандын президенти 72 жашында көз жумган Масалиев өмүрүнүн аягына дейре өз көз карашын ачык айткандан тайманбаган чыныгы коммунист болгонун белгиледи. Жогорку Кеңештин төрагасы Абдыганы Эркебаев маркум – "кыргыздын эң чыгаан эр-азаматтарынын бири болгонуна" басым жасады.

Абсамат Масалиев мурдагы Советтик Кыргызстандын жетекчиси болуп 1985-жылы дайындалган жана ушул кызматта 1990-жылы алгачкы президент шайланганга дейре иштеген. Кийин ал 1992-жылы Кыргызстан коммунисттеринин төрагасы болуп шайланган жана Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышында эл депутаты болуп эмгектенди.

XS
SM
MD
LG