Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:37

КЫРГЫЗСТАН БИЛИМ БЕРҮҮНҮ РЕФОРМАЛООНУН ЛИДЕРИБИ?


Кыргызстан, ага катар Казакстан билим берүү тармагын реформалоо жаатында Борбор Азияда сап башында келатышат деп айтылууда. Ошол эле убакта, учурдагы уңгулуу аракеттердин масштабы чектелүү, келечеги бүдөмүк. Анда "Азаттыктан" жогорку окуу жайлардагы паракорлук боюнча регионалдык түрмөгүбүздүн төртүнчү жана жыйынтыктоочу бөлүмү.

Maмлекеттин түздөн түз көзөмөлүндө болбогон окуу жайлар ачылып, келишимдик негизде окутуу киргизилген жерлерде паракорлук мурдагыдай курч маселе болбой калды. Бирок жалпы жонунан бул тармактагы коррупция көпчүлүктү түйшөлткөн проблемалардын арасында кала берүүдө. Жакшы жагы, бул илдетке каршы айрым жемиштүү аракеттер да жок эмес!

Казакстанда паракорлуктун тамырын кесүү далалатында өкмөт тестирлөө системасын киргизүүдө. Бул системанын Кыргызстандагы системадан айырмасына дагы токтолобуз. Ал эми азыр бул казак студенттин атасынын сөзүнө кулак салсак. Ал тестирлөө системасынын аркасы менен коррупцияга бөгөт коюлуп жатат деп ишенет:

- Мурда билими тайыз балдар жогору балл алып, өтүп кетишчү да, дурук окуган балдар өтпөй калчу. Быйылкы тестирлөө коррупцияга тоскоол болот деп ойлойм.

Жалпы улуттук тестирлөө былтыр ири шаарларда гана өткөрүлгөн эле. Быйыл өкмөт бүт өлкөдө тестирлөө борборлорун ачты. Алдамчылыкка жол бербөө үчүн тесттин 800 варианты иштелип чыккан. Улуттук тестирлөө борборунун жетекчиси Тахир Балыкбаевдин айтымында, бул система коррупцияга каршы күрөштүн маанилүү куралы болуп калмакчы. Башкы тестирлөөчүнүн сөзү боюнча, тесттердин жоопторун жашыруун сактоого айрыкча көңүл бурулду:

- Тесттин бардык варианттары тестирлөө борборунда даярдалат. Бул иш катуу көзөмөл менен жүргүзүлөт. Мындан тышкары аларды басып чыгаруу, таркатуу иштери коопсуздук жана тартип коргоо кызматкерлеринин катуу көзөмөлүндө болот.

Көпчүлүк бул жаңы иш-чараны колдогону менен, жөрөлгөдөн майнап болооруна анча ишенбегендер да жок эмес. Алар суроолордун 800 вариантында баарыга бирдей стандарт кантип сакталышы мүмкүн деп таң калышат. Башкалары мындай стандартташтырылган сынакта бардык сабактарды бешке билбеген менен, өзгөчө талант, шыгы бар студенттер сыртта калат деп чочулашат. Гүлнар Женгиз кызы – Алматыдагы мектептердин биринде сабак берет:

- Студенттерге бул тесттин кереги бар деп ойлобойм. Ал аркылуу билиминин деңгээлин далилдөө мүмкүн эмес. Тестирлөө пайда кылган тоскоолдуктардан улам, көптөгөн таланттуу окуучулар университеттерге өтө албай калат болуш керек.

Тестирлөө Кыргызстанда да киргизилген, айырмасы Кыргызстанда тестирлөөдө абитуриенттин билим деңгээли эмес, жогорку окуу жайда окуп кетүү даремети текшерилет. Ошондой эле казак сынагынан айырмаланып, кыргыз тестин мамлекет эмес, көз карандысыз агенттик жүргүзөт.

Бул долбоор АКШ өкмөтүнүн каржылоосу менен ишке ашырылууда. Ал долбоордун директору Тодд Драммонд мындай дейт:

- Негизги айырмачылыгы - кыргыз демилгесинде, көз карандысыз өкмөттүк эмес агенттик түзүлүп, университетке кабыл алуу сынагын ошол агенттик жүргүзүүдө. Мурдагы Советтер Союзунда башка эч жерде мындай көз карандысыз тестирлөөнүн негизинде университеттерге кабыл алышпайт. Казакстанда бул ишти өкмөттүн көзөмөлүндөгү агенттик жүргүзөт.

Үстүбүздөгү жылы Кыргызстанда биринчи жолу бардык абитуриенттер тест сынактан өтүүгө мүмкүндүк алышты. 38 миңдей мектеп бүтүрүүчүсү Кыргызстан боюнча 40 борбордо сынактан өтүштү. Драммонд бул система азырга чейин ийгиликтүү жүрүп жаткан менен, тестирлөөнүн келечегине ишеним аз экендин жашырган жок:

- Көз карандысыз иш жүргүзүү - бул аймакта жаңы көрүнүш. Келечеги кандай болоорун айтыш кыйын, тестирлөө президенттин колдоосу менен гана мүмкүн болуп жатат. Азырынча жогортон колдоо үзүлбөсө, төмөндөн да колдоо болсо, иш улана берет.

Көз карандысыз изилдөөчү Асхат Дүкөнбаев тестирлөө системасы коррупциянын тамырын кыркты деп эсептейт:

- Ооба, бул туура. Менде конкреттүү фактылар жок болгону менен, мындай сынактын бейтарап, көз карандысыз комиссия тарабынан жүргүзүлүшү коррупциянын деңгээлин төмөндөттү деп ойлойм.

Ошол эле мезгилде Дүкөнбаев да көптөгөн ата-энелер менен өспүрүмдөрдү үмүттөндүргөн бул жөрөлгөнүн келечегине анчейин ишене бербейт. Ал тестирлөө билим берүү тармагынын бир гана баскычындагы паракорлукту чектөөгө көмөк болду деп эсептейт:

- Былтыр 100 киши, быйыл 50 чактысы тестирлөө аркылуу каалаган окуу жайына өтүп кетишти. Бирок университетке дароо кирүү укугу берилбеген башкалар үчүн коррупция маселеси сакталып калды.

Билим берүү системасындагы паракорлукка арналган "Азаттыктан" уктуруубуздун жыйынтыктоочу бөлүгүндө Дүкөнбаевге дагы бир нече суроо бермекчибиз. Себеби маектешибиз Кыргызстандагы коррупцияга жол бербеген көзгө басаар жогорку окуу жайлардын бири болгон Бишкектеги Америкалык университетте алты жылдан бери сабак берет. Эл аралык саясат боюнча докторлук ишин Шотландиянын Единбург университетинде жактаган. Мындан тышкары жакында анын Кыргызстандагы жогорку билим берүү реформасы боюнча изилдөөсү Гарвард Университетинде чыгуучу Борбордук Евроазиялык изилдөө баяндамасы деп аталган басылмада жарык көрдү.

Алды менен тестирлөөнүн келечеги тууралуу тынчсызданууларга билим берүү министрлигинин берген жообун угуп көрөлү: министрдин биринчи орун басары Гайша Ибрагимованын сөз кыясында, тестирлөөнү каражат менен камсыздоо маселеси азыр кабыргасынан коюлуп жаткан шекилдүү:

- Республикалык тестирлөө долбоору кийинки жылдары да улантылат. Бул долбоорду мындан аркы каржылоо жөнүндөгү маселе чечилет. Учурда аны улантууну Кошмо Штаттарынын жетекчилиги карап жатат. Бирок эгер бул долбоорду АКШнын ЮСАИД агенттиги колдобосо, аны Дүйнөлүк банк, же Азиялык Өнүктүрүү банкы колдошот. Башкача айтканда долбоор токтогон жок, кайра күч алып жатат.

Эгер каржылоочу тарап aлмашса, же долбоор өз алдынчалыгынан ажырап, өкмөттүн карамагына өтүп калса, тестирлөөнүн акыйкаттыгы, ошого жараша ага болгон элдик ишеним сакталып калабы, айтыш кыйын...

Анда убада кылынгандай, изилдөөчү Асхат Дүкөнбаев менен маек. Дүкөнбаев Борбор Азия аймагында билим берүүнү реформалоонун көч башында Кыргызстан келатканын бышыктады:

Aсхат Дүкөнбаев - Мен Борбор Азияда Кыргызстан менен Казакстандан башка өлкөдө жылыш көргөн жокмун. Башка өлкөлөр баары бизден артта. Кыргызстанды биринчи орунга, эң артында Түркмөнстанды коёр элем. Түркмөнстанда эмне болуп жатканын жакшы билесиздер. Алар орто билимди жоюп салышты. Түркмөн мектептеринде бүгүн тогуз жыл гана окушат, демек толук орто билим берилбейт. Ал эми жогорку билим берүү эки курс менен чектелет. Ал жакта жогорку билим берүү такыр эле начарлап кетти.

Азаттык: - Түркмөнстанда албетте абал оор, илимдер академиясы да жабылып калды. Бирок Кыргызстанда деле баары телегейи тегиз эмес. Сиз өз изилдөөңүздө билим берүү тармагынын келечеги үчүн, саясий жана административдик системаны дагы либералдаштырыш керек деп жазыптырсыз. Өлкө канча либералдашпасын, эгер мамлекеттик структураларда коррупция гүлдөп өнүгүп жатса, жогорку окуу жайда аны жок кылуу мүмкүн болбосо керек. Ушул өңүттөн алганда, Борбор Азияда жогорку билим берүүнүн келечеги жокпу?

Aсхат Дүкөнбаев - Мен пессимист болгум келбейт, бирок бүгүнкү саясий, административдик системаны алмаштырбаса, реформалардан пайда чыкпайт. Буга бир мисал келтирейин. (Кыргызстанда) мамлекеттик кызматтын реформасын карап көрсөк, бул реформа бизде 1995-жылдан бери жүрүп келатат. Бирок жылыш жок, анткени саясий система бул реформага, анын ичинде жогорку билим берүүнү кайра курууга тоскоол болуп келатат. Буга эки мисалды келтирсе болот. Бизде билим берүү министрлигинин жетекчилигинде эки реформатор болгон. Чынара Жакыпова 1992-93-жылдары жана Камиля Шаршекеева 2001-2002-жылдары билим берүү министри болуп турушкан. Бирок экөө баштаган реформаларга өлкөнүн саясий системасы тарабынан катуу каршылык көрсөтүлүп, экөө тең өз реформаларын аягына чыгара алышкан жок. Буга мамлекеттик чиновниктер менен катар, айрым ректорлор да бут тосушту.

Азаттык: - Асхат, сиз бул реформалар президент Акаевдин колдоосуна ээ деп эсептебейсизби? Ал ошол эле Чынара Жакыпованы башында колдоп чыкпады беле?

Aсхат Дүкөнбаев - Президент бул системага жалгыз туруштук бере албайт. Жалгыз президенттин аракети жетишсиз, бүт системаны алмаштырыш керек. Президент чечимдерди жалгыз кабыл албайт, өзүнө берилген маалыматтардын жана докладдардын негизинде чечим чыгарат. Мисалы, Камиля Шаршекеевага университет ректорлору кастарын тигишкен. Мен ал окуу жайларды атап бере алам. Кыргызстандагы Эл аралык университет (бул универсситеттин ректору президенттин кеңешчиси болуп да иштейт); Кыргыз-Славян университети, Кыргыз Улуттук университети. Ушул үч университет Камиля Шаршекееванын реформаларына каршыккан оппозициянын башында турушкан. Алар мамлекеттик истэблишменттеги байланыштарына таянып, реформаларды саботаж кылышты.

Азаттык: - Ректорлор маселесине дагы кийинчерээк кайтып келели. Жалпысынан, цивилизациялашкан өлкөлөрдө университеттер адатта алдыңкы ойлордун очогу болот, мугалимдер менен студенттер коомдун проблемаларына күйүп, аларды чечүүнүн жолдорун издешет. Эмне себептен Кыргызстандын университеттеринде мындай көрүнүш байкалбайт? Сиз иштеген Америкалык университетте абал бөлөгүрөөк болуш керек. Анткени силердин мугалимдер менен студенттер ошол эле Ирактагы согушка байланыштуу саясий акция өткөрүүгө аракет кылган учурлар болгон. Бирок бул сейрек көрүнүш, болбосо, Кыргызстанда студенттердин арасында саясий көңүл коштук, апатия үстөмдүк кылат. Мунун себеби саясий системада, коррупцияда эле деп ойлойсузбу? Же кыргыздын улуулардын айтканы менен болуу, жогору жактагылардын сөзүнөн чыкпоо сыяктуу улуттук кулк-мүнөздө да кеп барбы?

Aсхат Дүкөнбаев - Биздин университеттин практикасы мындай салттарды өзгөртсө болоорун көрсөтүүдө. Бизде окуган студенттердин жарымынан ашыгы кыргыздар, кыргызстандыктар. Белгилүү шарттарда бул салттарды өзгөртүп, билим алуудагы чынчылдыкты, эркиндикти өркүндөтсө болот. Кыргызстанда да ушундай Батыштык университеттердин стандарттарына жакын чен-өлчөмдөрдү карманган эркин окуу жайлары болушу мүмкүн экен!

Азаттык: - Ошол эле убакта мындай өзгөрүш сөзсүз эле улуттук салттарга каршы келиши керек эмес турбайбы?

Aсхат Дүкөнбаев - Жок, сөзсүз эле бул салттарга каршы болуш керек эмес. Биздин университетте улуттук салттар менен чынчылдыкка негизделген стандарттар жуурулушуп өнүгүүдө. Биз батыштан да, советтик системадан да үйрөнүп, кыргыз улутунун каада-салттарын да сактоо менен иштеп жатабыз. Ал эми башка университеттердеги студенттердин саясий кайдыгерлигин айта турган болсок, менимче бир гана жооп бар, буга университеттердин администрациялары жана мугалимдер күнөөлүү, билим берүү тармагынын коррупциялашкан, жакыр, чор таман коомдун туткунунда экендигинде да мандем бар. Студенттер да сүттөн ак деп айта албайбыз. Алардын көбү маңдай тери менен окугандан көрө, акча берип бүтүргөнгө качырышат. Студенттер оор эмгекке даяр туруп, бааларды акча менен эмес, акылы менен табышы керек.

Азаттык: - Сиз ректорлорду айтып кеттиңиз. Батышта, айрыкча ири университеттердин ректорлору белгилүү коомдук ишмерлер, абийирдүү, барандуу иши менен элдин урмат-сыйына татыган адамдар болушат. Алардын арасынан губернаторлор, ал тургай президенттер өсүп чыккан. Ал эми бүгүнкү Кыргызстанда айрым ректорлорду сиз жогорку бийлик чөйрөлөрү менен жең алдынан биригип алып, билим берүүдөгү жаңыланууга кастарын тигип гана тим болбостон, реформаларды оңкосунан түшүргөн тарап катары сүрөттөп өттүңүз. Ошентсе да өздөрүнө артылган үмүттү актап, университети жана студенттери үчүн күйүп, жогорку академиялык стандарттарды камсыздай алган ректорлор барбы?

Aсхат Дүкөнбаев - Буга мен иштеген Борбор Азиялык Америкалык университетти мисалга келтире алам. Ошондой эле "Манас" атындагы кыргыз-түрк университетин атасак болот. Мен ушундай бүтүмгө келдим: биздин жетекчилер чет элдик кесиптештери менен бирге иштегенде, иштен жыйынтык чыгат экен деп калдым. Мындай эл аралык кызматташтык болбогон университеттерде тилекке каршы, администрация, ректорлор айрыкча жаңычылдыгы менен айырмаланышпайт.

Азаттык: - Тестирлөөнү университетке тапшырганда гана эмес, окуп жаткан студенттер үчүн да киргизүү керек деген пикирлер бар. Сиз буга кошуласызбы?

Aсхат Дүкөнбаев - Мында ооба же жок деп кесе айтуу кыйын. Бул университеттин ички системасынан көз каранды. Азыркы таптагы экзамендер менен зачеттор чындыгында акыйкат өтүшү керек. Студенттер билимине жараша баа алышы керек. Бирок мындай болгон жок. (Демек) биздин университеттер демократташып, баа берүү системасы алмашып, коррупциянын тамыры кыркылмайынча, кандай чараларды киргизбесек да, баары бир пайда чыкпайт. Ошол эле убакта эгер мындай экзамендерди сырттан чакырылган көз карандысыз тараптар, эл аралык уюмдар жүргүзсө, башкача болушу мүмкүн, бирок анда студенттердин 90 пайызы окуудан чыгып калышы мүмкүн.

Сүрөттө: Асхат Дүкөнбаев.
XS
SM
MD
LG