Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:10

КЫРГЫЗСТАНДЫК 5 БАЛБАН АФИНАДА НАМЫС ТАЛАШАТ


Дүйнөнүн 200дөн ашык мамлекеттери Афина олимпиадасына кызуу даярдык көрүп, спортчуларын акыркы сыноодон өткөрүп жатышат. Кыргызстандык айрым олимпиадачылар Афинага аттанып кетишсе, өлкөнүн грек-рим күрөшү боюнча олимпиадалык командасы Ысыккөлдө машыгууда. Алар Афинага 18-августта барышат.

Афинадагы таймашууларда Кыргызстандын намысын 8 балбан коргойт. Анын үчөө эркин күрөштөн болсо, беш балбан грек-рим күрөшүндө күч сынашат. Алардын даярдыгы тууралуу өлкөнүн грек-рим күрөшү боюнча башкы машыктыруучусу Эмил Алыкулов мындай деди:

-Колдон келишинче даярдык көрүп жатабыз. Кыргыз спорткомитети, Улуттук олимпиадалык комитет жана грек-рим күрөшү федерациясы жардамын аяган жок. Геннадий Чехаидзе жакында эле Алматыда өткөн Азия чемпионатында алтын медаль тагынды. Данияр Көбөновдун, Уран Калиловдун, Канат Бегалиевдин жана Жанарбек Кенжеевдин даярдыгын сыноо үчүн 15-июлда Польшадагы эл аралык турнирге барып, балбандарды байкап келдик. Акыркы машыгууну Ысыккөлдө казакстандык балбандар менен бирге өткөрүп жатабыз.

Грек-рим күрөшүндө Уран Калилов өткөн жылы Францияда болгон дүйнө чемпионатында олимпиадалык чемпиондорду утуп алып, спорт адистеринин көңүлүн бурган. Ал азыр дүйнөдөгү 10 мыкты балбандан катарында турат. Уран дагы Кыргыз элин дүйнөгө таанытып, олимпиадалык байге алуусу мүмкүн дешет спорт адистери. Афинага даярдыгы тууралуу жаштар арасында дүйнө чемпиону, Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Уран Калилов мындай деди:

-Чынында даярдык орто эле. Мыкты камылга үчүн шарт жок. Ал үчүн Орусиянын же Украинанын спорт базаларында алардын балбандары менен чогуу машыгуу керек болчу. Олимпиадада байге алуу үчүн негизги атаандаштарың менен жок дегенде 1-2 жолу күрөшүп көрүү зарыл. Ошондой болсо да кыргыз туусун бийик көтөрүүгө аракет кылабыз.

Афинада грек-рим күрөшүндө байгелүү орунга илинип калабы? деп үмүт жандырган Данияр Көбөнов (Түштүк Кореянын Пусан шаарында өткөн 14-Азия оюндарынын күмүш байге ээси) даярдыгы тууралуу буларды айтып берди:

- Эми жакшы эле даярданып жатабыз. Ошол даярдыкты сынап көрүү үчүн Польшадагы турнирге барып, атаандаштарды байкап келдик. Мында өзүбүздү да байкап, каталыктарды оңдоп келүүгө мүмкүндүк болду. Менин негизги атаандаштарым Иран, Орусия, Корея, АКШ өлкөлөрүнүн балбандары болгондуктан алардын күрөштөрүн видеокамерага тартып алып, талдоого алып жатам.

Жаш болсо да Афина олимпиадасына жолдомо алган Канат Бегалиев менен Жанарбек Кенжеев өлкөнүн намысын коргойт. Экөө тең жашынан спорт адистеринин купулуна толуп, уландар арасында дүйнө, Азия чемпионаттарында байге алып жүрүшкөн. Уландар арасында Азия чемпиону Канат Бегалиев:

-Афина олимпиадасына дүйнөнүн эң мыкты деген балбандары иргелип алынды, алардын баардыгы олимпиада чемпиону болууга мүмкүндүгү бар. Ошондуктан атаандаштарды бөлүп кароого болбойт.

Афинада негизги атаандаштары кимдер экендигин уландар арасында дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Жанарбек Кенжеев мындайча айтып берди:

-Дүйнө жүзү боюнча эң мыкты балбандар тандалып алынды. Менин салмагымда түркиялык, ирандык, орусиялык жана франциялык балбандар баш байге үчүн аракет кылышат. Кыргыздын намысын колдон чыгарбоого болгон мүмкүндүктү жумшайм.

Ал эми жакында Алматыда өткөн Азия чемпионатында алтын медаль тагынган кыргызстандык Генадий Чхаидзе тууралуу күрөш адистеринин пикири дурус. Башка өлкөлөрдүн балбандары да Генадан кооптонуп турушат.

- Ар кандай жаракаттан кудай сактаса олимпиадалык таймашта бардык күчүмдү жыйнап, байге алууга аракет кылам. Атаандаштарым табында болсо, алар менен кармашуу кыйынга турат. Бирок аракет кылабыз да,- деп Геннадий дагы олимпиадалык бийиктикти багынтууга дилгир экенин билдирди.

Бул Афинадагы олимпиадалык таймашта кимдин жылдызы жанып, Кыргызстанды дүйнөгө тааныта алат - аны алдыдагы мелдештер көрсөтүп, мезгил таразалайт. Грек-рим күрөшү боюнча олимпиадалык таймашуулар 23-августта болмокчу.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG