Робина Мукимяр Африныда өтчү Олимпиада оюндарында алтын же күмүш медалга жетпестир. Бирок 100 метрге чуркоодон жарыш башталганда, атаандаштары сыңары сымбаттарын даана көрсөткөн жана жел менен жарыша жүгүргөнгө ыңгайлуу майка-түрсүкчөн эмес, спорттук костьюмчан Робина көрармандарды көңүл кош калтырбасы анык.
Робина Мукимяр жарышта кандай кийинээри тууралуу:
-Мен Ооганстандагы жагдайга ылайык кийингенге аракет кылам. Мен мусулманмын. Ошон үчүн мен денени толук жапкан кийим кийем. Ооганстан ислам өлкөсү. Мен бутумду таманыма чейин жапкан шаровар кийем. Бирок көйнөктүк жеңи кыска болот.
Робина менен дзюдочу балбан Фриба Резихи Олимпиадага катышкан биринчи ооган аялдары болушат. Афины олимпиадасынан кайра келишкенде, өлкөсүнүн намысы үчүн күрөшкөн тайманбас кыздарды мекендештери кандай тосуп алат белгисиз.
1992-жылкы Олимпиадада алжирлик Хасиба Булмерка 1 500 метрге жүгүргөндөн эч кимди алдыга өткөрбөй, алтын медалды утуп алган. Бирок жердештери аны “миңдеген эркектердин көл алдында жылаңач жүгүрдү” дешип, Барселонадан кайтып келгенден кийин узакка келеке кылышкан.
Сууга сүзүү, жүгүрүү, гимнастика жана башка спорттун түрлөрүндө эркин кыймылдоого жолтоо кылган чадра-хижаб же жоолук менен мыкты натыйжаны көрсөтүү же көнүгүүнү эң жогорку баага аткаруу өтө кыйын. Мүмкүн да эмес.
Бирок, да бута атууда же жорго жарышта жагдай башка. Алсак, акыркы үч олимпиадада ирандык көзгө атар мергендер Лида Фариман менен Маниже Каземи чадра жана хижабчан эле катышышты.
Тегерандык журналист Махин Горжи айымдын сөзүнө караганда, ирандык аялдардын бир катар мелдештерге катышуусуна алардын кимйдери жолтоо кылат:
-Ирандык аялдар (кийимдерине байланыштуу) таеквондо күрөшүндө жана каноэ кайгын айдоодо олимпиаданын талабын аткара алышпайт. Алар кийимге коюлган чектөөлөргө байланыштуу волейбол, сууга сүзүү жана спорттун башка түрлөрүнөн да мелдешке катышышпайт. Ошондуктан, жалгыз гана Насим Хасанпур Олипиадага катышат.
Ирандык Насима Хасанпур Афинада мылтык атуу боюнча мелдешет.
Айта кетчү нерсе, Иран Олимпиадага оюндарга альтернатива иретинде ар төрт жылда Мусулман аялдардын оюнун өткөрүп келет. Бирок, бул мелдешти көрүүгө эркектер койо берилбейт жана ал жайкы олимпиадалык оюндардай популярдуу эмес.
Париждик адокат Линда Вейкорээл айым мусулман аялдардын олимпиадага кеңири катышуусу үчүн Атланта-Сидней плюс Афины кыймылын түзгөн. Кыймыл 1992-жылкы Барселонадагы олимпиадага 35 өлкө, анын ичинде 18 ислам өлкөсү аял спортчуларды жөнөтүшпөгөндөн кийин негизделген.
Линда айым Олимпиада хартиясы делегаттардын курамы жалаң эркек болуусуна тыйуу саларына көңүл бурат:
-Түштүк Африка апаапртеид саясатын жүргүзгөндүктөн 30 жылга жакын Олимпиадагы катыштырлган эмес. Биз аялдарды мелдешке жөнөтпөгөн өлкөлөрдүн Оюндарга катышуусуна тыйуу салууну каалайбыз. Алар оюнга катшам дешсе, Олимпиаданын жобосун урматтоосу абзел. Эмне үчүн Олимпиада жана башка мелдештер диний чектөөгө ылайык өтүш керек? Биз дин тууралуу эмес, спорт жөнүндө сөз кылуудабыз.
Линда айымдын кыймылы түзүлгөндөн бери Олимпиадага жалаң эркектерди жөнөткөн өлкөлөрдүн саны азайды. Мисалы, Афинага Жакынкы Чыгыштын Сауд Арабиясы өңдүү 4-5 өлкө гана аялдарды жиберген жок.
Пакистан сегиз жыл мурда жайкы олимпиадага биринчи аял спортчусун жиберсе, быйыл биринчи пакистандык аял сууга сүзүү боюнча таймашка чыгат.
Ал эми ооганстандык спринтер-кыз Робина Афиныдагы өтө абройлуу эл аралык чоң мелдешке катышып, ата журтун дүйнө элдерине даңазалагысы келет. Анын айтымында:
- Мен үчүн эң маанилүүсү-менин Олимпиадага катышканым. Ооганстан да башка өлкөлөр сыяктуу мелдешкенин даңазалоо үчүн жарышканы келдим. Ооганстандын желегин Олимпиадада желбирегенин адамдар көрүшсө, мен сыймыктанам.