Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:00

АСКЕРДИК МАШЫГУУЛАР, КЫРГЫЗСТАНДЫ АҢДЫГАН КОРКУНУЧ, ТОКОЙДУ КЫЙЫП ЖАТЫШАТ


Тартылган жип ичке жеринен үзүлөт. Кыргызстан Борбор Азиянын эң талылуу жери. Непадам бул жерде жагдай курчуп, кырдаал жаман жагына бурулса чөлкөмгө өрт кетиши ыктымал. Эмдиги жылкы шайлоонун алдында түзүлгөн Кыргызстандагы саясий абалды айрым аналитиктер ушундай баалашууда. Балыкчы шаарынын жанында Жамааттык коопсуздук уюмунун аскердик машыгуулары башталды. Кыргызстанда токойду кыйып жок кылуу күчөөдө.

Бейшембидеги «Общественный рейтинг» гезити «Чөлкөм коопсуздугу коркунучта» деген макаланы жарыялады. Равиль Усмановдун болжолунда, Борбор Азиянын эң коркунучтуу аймагы – Кыргызстан. Башында демократияны байырлатуу амалында реформаларды батыл баштаган өлкө бара-бара мурунку ыраатынан тайып, жеке бийликтин амирине байланып калган, деп белгилейт макала автору. 2005-жылы өтүүчү Кыргызстандагы президенттик шайлоо өлкөдөгү жагдайды курчутуп, тажик варианты кайталанып калышы ыктымал, дейт Равиль Усманов.

Автордун болжолунда, Бишкекте Грузиядагыдай "роза ыңкылабы" болушу мүмкүн эмес, бул жерде кыпкызыл кан төгүлүп кетиши оңой эле. Кыргызстан Аксыда төгүлгөн кандын жарасын дарылай электе жаңы сыноого туш келиши ыктымал. Бул жерден өрт чыкса анын жалыны жалпы Борбор Азияны каптайт, деп бүтүм чыгарат Равиль Усманов.

Бейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезити «2004-жыл чеги» деген аталышта Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун ыкчам аракет күчтөрү кезектеги аскердик машыгуусун өткөрө баштагандыгын маалымдады. Төрт өлкөнүн атайын аскерлери машыгууга шайма-шай даяр экенин уюмдун аскер күчтөрүнүн колбашчысы Сергей Черномырдин менен машыгуулардын жетекчи орунбасары Малик Жумагулов билдиришти, деп кабарлайт гезит кабарчысы Евгений Марченко.

Басылмада Бекташ Кылычбековдун «Токойго адал ниет менен кир» деген макаласы жарыяланган. Жараткандын амири менен Кыргызстандын кыйла жеринде токой өсүп турат. Өлкөнүн түштүгүндө кайталангыс жаңгак-жемиш токою бар. Бирок да кийинки 10–15 жыл аралыгында табият байлыгы аёосуз жок кылынып, дарактарды уруксатсыз кыюу күчөгөндөн күчөп баратыр. Минтип баарын жок кыла берсек аягында жайдак жерде, каркылдаган каргалар менен жойлогон келемиштердин арасында калабыз, деп жазат макала автору.

«2004-жыл чеги» аскердик машыгууларына Орусия, Тажикстан, Казакстандын Коргоо министрлери келгенин бейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити жазды. Басылманын ырасташынча, аскердик машыгуулардын кандай өтүп жатканына Шанхай кызматташуу уюмунун башкаруу структураларынын өкүлдөрү да байкоо салып турушмакчы. Аскердик машыгуулардын биринчи бөлүгү Алматыда аяктады. Анда Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүү күчтөрүнүн чогуу-чаран иштери сыноодон өттү.

Жума күнү чыгуучу «Жаңы кылым» гезитинде көрүнүктүү коомдук, мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиевди акыркы сапарга узатуу тууралуу материал жарыяланууда. «Арнамыс» партия жетекчисинин эмне үчүн камактан чыгарылбаганы, өкмөт сыйлыгын алалбай калган Жалалабаддык журналисттин ичкүптүсү, Москвадагы кыргыздарга жардам берип келаткан Бурулча Төрөбекованын ишмердиги жөнүндө макалалар чыгууда. Гезитте Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун маеги, айыл чарба министрлигинин иш стилин сынга алган макалага орун берилүүдө.

Бул күнү чыгуучу «Аалам» гезитинде кандай материалдар жарыяланып жатканын басылманын баш редактор орунбасары Кенжебек Арыкбаев айтып бермекчи:

- «Ааламда» Мамлекеттик тил комиссиянын төрага орунбасары, Тил фондунун директору Т.Жумагуловго Кыргыз тилин сактоо кыймылынын Ордо кеңешинин жетекчиси Чолпонбек Абыкеевдин кайрылуусу жарыяланууда. Абсамат Масалиевдин каза болгон күнүнө жети күн толгонуна карата «А.Масалиевди жоготуу» деген атайын бет жарык көрүүдө. Орозбек Айтымбетовдун «Көкө теңир» макаласы чыгууда.

«Кыргыз руху» гезитинин башкы редакторунун орунбасары Уулкан Токторалиева басылмада кандай материалдар жарыяланып жатканын маалымдайт:

- «Саясатчылар кайда агылышат?», ошондой эле «Оппозициянын ооматы келдиби?» деген макалаларда учурдагы саясий кырдаал, оппозициянын өкүлдөрү жөнүндө сөз болмокчу. Коммунист Ырыскелди Ыбышевдин «Мезгил башка – эл башка» деген макаласы, ошондой эле журналист Калил Жамгырчиевдин депутат Д.Сабиров менен соттошкону тууралуу «Мен кантип соттоштум?» деген макаласы орун алган.
XS
SM
MD
LG