Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:28

ЧЕХ АЛЬПИНИСТИ: "ХАНТЕҢИР - ДҮЙНӨДӨГҮ ЭҢ КООЗ ЧОКУ"...


Хантеңирде кар басып калгандардын басымдуу бөлүгү Чех жумуриятынын жарандары болду. 5-августтагы күтүлбөгөн кырсыкты чех басылмалары кеңири чагылдырып жатышат. Гезиттер бул - чех альпинизми оор жоготууга учураган окуя болуп калды деп жазышууда.

"Чехтердин Азия тоолорундагы трагедиясы". "Кыргызстанда беш чех альпинисти кар көчкүнүн алдында калды". "Хантеңир ондогон альпинисттин өмүрүн алды". Чехиянын гезиттеринде жана интернет баракчаларында 5-6-август күндөрү ушул өңдөнгөн аталыштагы маалыматтар жарык көрдү.

Чехиялык альпинисттер биримдигинин өкүлү Томаш Франкка телефон чалганымда, Теңир тоодогу трагедия жөнүндө маалымат каражаттарынан билгендигин бышыктады. Анын айтымында, Кыргызстанда кырсыкка кабылгандар мурда башка бийик тоолорго чыгып жүргөн альпинисттер болгон:

- Орусия, Кыргызстан, Тажикстан сыяктуу мурдагы советтик жумурияттарга көбүнчө тажрыйбалуу алпинисттер барат.

Томаш Франк соңку эки жылда альпинисттердин өлүмү көбөйгөнүн бышыктады:

- Мурдагы советтик жумурияттардын аймагында өткөн жылы алты чех атуулу каза тапкан, бул салыштырмалуу көп, анткени жылыга бул көрсөткүч 1-2 кишиден ашчу эмес.

Кыргызстандагы АКИпресс маалымат агенттигинин жазышынча, быйыл бул - Хантеңирдеги экинчи трагедия. Өткөн айда ал чокуда Польшадан келген турист аскадан учуп кеткен.

Чехиянын Алматыдагы элчиси Милан Седлачектин "Право" гезитине билдиришинче, бейшемби күнкү жаратылыш кырсыгынан аман калган чех туристтери азыр Хантеңирге бараткан жолдо, 4 миң метр бийиктиктеги лагерде кала берип жатышат. Машина өтө ала турган жол жок болгондуктан, ал жакка тикучма менен гана жетүү мүмкүн. Элчинин айтымында, куткаруу иштерине Казакстандын жогорку адистиги бар, тажрыйбалуу куткаруучулары тартылууда.

Чехияда альпинизмдин тарыхы тээ 19-кылымдын биринчи жарымынан башталат. Ал убакта чехтер Австро-Венгр империясынын курамында болгон. 1880-жылы Прагада славяндардын алгачкы альпинизм биримдиги негизделген. Дүйнөнүн көптөгөн асман тиреген тоолорун багындырган чехтерди Хантеңир чокусу эмнеси менен өзүнө тартат болду экен?

Хантеңир 6995 метр келгени менен, Кыргызстандагы жети миң метрлик үч чокунун бири деп саналат. Кар калың түшкөндө анын бийиктиги 7010 метрге чейин жетет. Чехиялык альпинисттер биримдигинин өкүлү Томаш Франктын сөзүнө ылайык, Хантеңирге чыгыш үчүн чехтер бир айлык сапарга, жол чыгымын кошкондо, 1200дөн 3500 долларга чейинки каражат сарптайт. 1986-87-жылдары бул чокуну эки ирет багындырган Станислав Силхандын айтымында, орустар темир аркан тартып, көркүн бузуп салганын эске албаганда, Хантеңир - дүйнөдөгү эң кооз чоку.

Ошол эле убакта чехиялык басылмалардын көбү белгилешкендей, Хантеңир татаал чокулардын бири деп саналат. Египеттик байыркы пирамидага окшоп заңкайып, төбөсүн жайы-кышы мөңгү баскан чокунун түндүк капталына чыгуу айрыкча кыйын. Ал жерде бир айда саналуу гана күндөрдө жаан же кар жаабай, күн ачык болот. Август айынын биринчи жумасы мына ушундай эң ыйгайлуу күндөргө кирет.

Болжолу ушул себептен 22 кишиден турган чех тобу Хантеңирди көздөп, 1-августта жолго чыгышкан. Бирок алардын жарымынан ашыгы Батышта "арбактардын падышасы" деп аталган Теңирдин тоосунан кайтпай калды.

XS
SM
MD
LG