Хиросимадагы эскерүү паркында өткөн жыйында шаар акими Тадатоши Акиба Американы азыр да массалык кыргын салуучу куралды өнүктүрүп жатканы үчүн сындап, эл аралык коомчулукту андай коркунучту азайтууга үндөдү. "Дүйнөгө карата өзүмчүл көз караш ашынган аракеттерге алып келүүдө. Бириккен улуттар уюмун, анын алдында кабыл алынган эл аралык мыйзамдарды көзгө албай, Кошмо Штаттар андай коркунучтуу куралдардын чаканыраак жана мурдагыдан да ири алаамат салчу түрлөрүн изилдөөдө", - деди Хиросиманын башкаруучусу.
1945-жылы 6-августта Америка Хиросимага атомдук бомба таштаганда 140 миңден ашуун адам кырылып, жапа чегишкен. Андан үч күн мурдараак Америка Жапонияны биротоло чөгөлөтүп, 2-дүйнөлүк согушту токтотуш үчүн Нагасаки шаарын да бомбалаган.
Дүйнөлүк соңку жаңылыктарды Прагадан Венера Жуматаева даярдады.