Грециянын борбору Афинада 13-29-августа болчу Жайкы Олимпиада оюндарында жеңиш менен кайткан спортсмендерди мекенинде да атак-даңкка катар чоң акчалай сыйлык, урмат-сый күтөт.
Афинадан алтын медаль утуп келген литвалык спортсмен, ар бир медалы үчүн 100 миң доллардан көп акчалай сыйлык алат. Буга дагы улуттук олимпиада комитети берчү БМВ автомобилин кошуңуз. Анын баасы кеминде 30 миң доллар болот.
Литванын Олимпиада комитетинин төрагасы Витас Зюбернистин айтымында:
-Алтын медалды жеңип алган спортсмендерге өкмөт 125 миң долларга жакын акча берет. Жеңүүчүлөр Олимпиада комитетинен БМВ автомобилин алышат.
Спортсменге жеңиши үчүн төлөнчү сыйлыктын суммасы бардык өлкөлөрдө эле окшош эмес. Атактуу америкалык спортсмендерди алсак, алар жеңиши үчүн АКШнын Олимпиада комитетинен 25 миң гана доллар алышат. Россиянын өкмөтү алтын медаль үчүн 50 миң доллар төлөйт. Кыргыз өкмөтү да Афинадан алтын медаль жеңип келген спортсменге 50 миң доллар, күмүш медаль үчүн 30 жана коло медаль үчүн 20 миң доллар убада кылды.
Салыштырмалуу чакан жана жарды өлкөлөр демейде чоң, байдөөлөт өлкөлөргө караганда мекенге атак-даңк алып келген спортсмендер үчүн көп акча беришет.
Анын бир себеби, сыйылыкка берилген акчаны спортсмен келечек машыгуусу үчүн пайдаланат. Ал эми ири жана бай өлкөлөрдө өкмөт тарабынан спортсмендер машыкканга өтө ыңгайлуу шарт түзүлгөн. Ошондой эле, талантуу спортсменди сүрөп, демөөрчү болгон же аларга өз товарын элге даңазалатып, ал үчүн акча төлөгөн чоң ишканалар да көп.
Белоруста спортчулардын абалы Литвага окшош. Лолита Елецкая 25 метр аралыктан тапанчадан бута атуу боюнча кийинки жылдары оңой менен эч кимди алдыга чыгарбай келет. Көзгө атар мерген кыздын күйөөсү Сергейдин кеби:
-Биз Европа чемпионатында, дүйнөлүк биринчиликте жана Олимпиада оюндарына алган биринчи, экинчи жана үчүнчү орундарыбыз үчүн баалуу белектерди алдык. Бул чынында өтө жакшы акча. Мисалы, 2000-жылкы Олимпиададагы алтын медаль үчүн 65 миң доллар, күмүш медаль үчүн 42 миң доллар жана коло медаль үчүн 22 миң доллар алдык.
Сергейдин сөзүнчө, Белорус бийликтери мыкты спортсмендерге өкмөттүк кызматчы катары айлык маяна төлөйт:
-Сиз эгер менин аялымдай деңгээлдеги спортсмен болсоңуз, анда өкмөт сизге ар айда маяна берет. Сиздин ишиңиз күнүнө бир же эки ирет машыгуу болот. Ал сиздин планыңызга жана мелдеште койгон максатыңызга байланыштуу. Эгер сиз эл аралык мелдешке катышсаңыз өкмөт сизге баарын төлөйт.
Мындай маянага канаат кылбай, Лолита Елецкая машыкканга Белоруста жакшы шарт жок деп, Австралияга кетип калган. Ошон үчүн көзгө атар мерген кыз Афинадагы олимпиадага Австралиянын туусу астында катышат.
Эл аралык мелдештердин эң абройлуусу эсептелген Олимпиадалык оюндардын жеңүүчүлөрүнө чоң суммадагы акчанын төлөнгөнү өз кезинде Олимпиаданын хартиясына каршы келет деп, катуу сынга да алынды.
Буга карабай, Литванын Олимпиада комитетинин төрагасы Зубернистин айтышынча, Олимпиаданын идеялары дале бекем сакталууда жана спортсмендер акча үчүн эмес, эң алды ким күчтүү экенин аныктоо үчүн мелдешишет:
-Жок, жок, жок! Олимпиада оюндары бул Олимпиада оюндары. Мөөрөйгө сайылган акчаны спортсмендердин машыгуусуна өкмөт кошкон салымдын түрү иретинде түшүнүү керек. Эң алдыда Олимпиаданын идеясы турат.