Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:12

ОРУСИЯДАГЫ БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА


Төрөкул Дооров, Москва Жума ичи орусиялык журналисттер өзбекстандык кесиптештерин Ташкенде болгон жардыруулар учурундагы пассивдүү аркеттери үчүн айыптап жатышты. Кайрадан эле кеп сөз эркиндиги жана демократиялык баалуулуктар менен улантылып, акыр аягында баары өзбек жериндеги бийликтин мүнөзүнө такалат. Орус басма сөз жаңылыктарынын бүгүнкү чыгарылышында мына ушул жана Кыргызстанда өтүп жаткан «Чек-2004» аскерий машыгулары, ошондой эле, айрым кызыктуу макалалар тууралуу айтабыз.

«Сырдуу жардыруулар». Журналист Олег Панфиловдун мына ушундай аталышта «Новое время» басылмасында жарык көргөн макаласында Өзбекстандагы акыркы жардыруулар эле эмес, дегеле, мурдагы баардык жардырууларга карата анализ берилди.

Аларда берилген ойдун негизги мазмуну - эгемендүүлүк жылдарында Өзбекстан атуулдардын укуктарын коргоо менен демократиялык баалуулуктарды урматтоо жолунда эмес, тетирисинче, аларды кыскартуу саясатын жүргүзүп келди. Панфиловдун пикиринде, акыркы жардыруулар террорчулук ниетин көздөгөн диний фундаменталисттердин аракеттерине эмес, учурдагы жетекчиликке карата карапайым калк тарабынан билдирилген нааразылык акциясына окшош. Бүгүнкүдөй нааразылыктын жаралышына шарт түзгөн бир адам – өлкө президенти Ислам Каримов – күнөөлүү деп айтылат макалада.

Кырдаалдын начарлап кетишине өбөлгө болгон өзбек бийликтеринин натуура аракеттери башка гезит-журналдарда орун алган макалаларда да кеңири таржымалданат. Алардын бири «Арена» басылмасында жарыяланып, анда жалпы мамлекеттик алкакта акыркы жылдары жүргүзүлүп келген маалымат саясатына сын-пикирлер айтылды. Жыйынтыгында, учурдагы өзбек журналистикасы олуттуу кризиске кабылган деп сүрөттөлүп, калемгерлерге «бийлик тарабынан программалаштырылган роботтор» деген лакап тагылды.

«Өзбекстандын маалымат каражаттары акыркы күндөрдөгү жардырууларда да, буга чейинкилериндегидей эле окуянын өнүгүшү жана аны жараткан абалга терең көз жүгүртүүгө кудуретсиз экендиктерин көрсөтүштү. Алар өлкөнүн күч структураларынын басма сөз кыматтары таркатышкан ырасмий маалымат менен чектелишип, болгондо да аларды кудум өлкөдө адаттан тыш эч нерсе деле жүз көрбөгөндөй беришти» дейт макала автору.

Мына ушундай эле маанайдагы сөздөр «Русский журнал»да журналист Александр Мидальбеков тарабынан айтылат. Мидальбековдун ишениминде, өзбек коомчулугу азыркы бийликти өз башына түшкөн оор түйшүктөрдүн, а балким, балээлердин эң эле жеңили деп билет имиш жана өз укугун коргобой эле бийлик буйруган нерсени аткарып, тынч жашоого көнүп калыптыр.

Ал эми жардырууларга кайрылып, автор аларды «Аль-Каида» же дагы башка ири террористтик уюмдардын өкүлдөрү аткарышкан деген ойдон оолактайт. «Ташкендиктер жардырууларды эл 1999-жылдагы жардыруулардан кийин куугунттукка алынган жакын туугандары үчүн бийликтен өч алууну каалаган кедей дыйкандар эле жасашкан деп ойлойт», - дейт журналист.

Негизи, өтүп бараткан аптада орусиялык гезиттер көбүрөөк Ташкендеги жардыруулар менен кошо аны жараткан жагдайларды изилдөөгө далалат жасашты. Алардын катарында «Независимая газета» басылмасынын диний макалалар топтомунда ислам дини менен өздөрүн мусулмандар деп аташкан «Хизб ут-тахрирчилердин» аракеттериндеги айырмачылыктарды аныктоого кеңири орун берилди. Анда айтылгандарга ылайык, «Хизб ут-Тахрир» туура деп эсептеген айрым аракеттер ыйык Куран китебинде айтылган сөздөргө, ошондой эле Мухаммед пайгамбардын хадистеринде келтирилген насааттарга көп учурда карама-каршы келет экен.

Өзбекстандагы окуяларга сереп салган дагы бир абройлуу басылмалардын бири «Коммерсант» «Хизб ут-Тахрирди» Ислам Каримовдун негизги саясий атаандашы деп мүнөздөдү.

Ушул аптанын шаршембисинде Кыргызстанда Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген мамлекеттердин алкагында көптөн бери айтылып келген «Чек-2004» аскерий машыгуулары башталды.

Машыгуулардын өтүшү жана ага тартылышкан өлкөлөрдүн аскерий кубаттуулугу тууралуу берилген макалалар көп эле ири гезиттерден орун алды. Алардын ичинде «Красная звезда» басылмасы машыгуулардын сценарийине кеңири токтолот. Макалада сценарий деле бүгүнкү чыныгы жагдайдан алыс эмес экендиги айтылат. Мисалы, магышуучулар капыстан Фергана өрөөнүнө кирип келишкен эсктремисттик уюмдардын жикчилерин жок кылуулары зарыл экен.

«Негизи, машыгуулардын сценарийинде көрсөтүлгөн коркунуч жалпы Орто Азия региону үчүн маанилүү» деп кебин улайт гезит. «Бирок бул жолу сөз Кыргызстан тууралуу болуп жатат. Өлкө 1999-2000-жылдары анын түштүк бөлүгүнөн кирип, Өзбекстанга өтүүгө аракет кылган Өзбекстандын ислам кыймылына каршылык көрсөтүү даярдыгын дагы бир ирет даңазалашы керек эле» деген бүтүм чыгарды «Независимая газета».
XS
SM
MD
LG