Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:56

АКШнын ЭМГЕК РЫНОГУ, МУНАЙ ӨНДҮРҮШҮ ЖАНА ДҮЙНӨЛҮК ЭКОНОМИКАНЫН БАЙЛАНЫШЫ


Кошмо Штаттардын эмгек министрлигинин жума күнү маалымдашынча, өткөн айда өлкөдө жаңы жумуш орундары мурдакы айларга салыштырганда аз түзүлдү же июль айында 32 миң гана адам жумушка алынган. Бу кабарга удаа эле Нью-Йорк биржасында мунайдын баасы мурда болуп көрбөгөндөй бийик деңгээлге көтөрүлүп барып, кайра төмөндөдү. Биржа обол ачылганда бир баррель мунайдын наркы 44 доллар 77 центке чыкты да, базардын жабылган маалда орточо баа 44 долларга барабар болду.

Эмгек министрлиги жарыялаган маалыматка караганда, июль айында АКШда жумушчулардын саны 32 миңге көбөйдү. Бул өткөн жылдын декабрь айынан берки эң төмөнкү көрсөткүч. Жаңы жумуш орундарын түзүүнүн төртүнчү ай катары менен төмөндөшү жумуш издеген адамдардын саны дагы көбөйдү дегенди түшүндүрөт.

Анткен менен, май айынан бери ай сайын орточо 106 миң жаңы жумуш оруну түзүлгөн. Кошмо Штаттардын элинин орточо өсүү ыраатын эске алганда, өлкөдө ай сайын 150 миң жаңы жумуш оруну сунуш кылынып турушу шарт.

Талдоочулардын айтышынча, акыркы айлардагы террордук коркунучтарга, Жакынкы Чыгыштагы катаал кырдаалга жана алдыдагы президенттик шайлоого байланыштуу ишкана-мекемелер жумуш орундарын көбөйтүүнү же өндүрүштү кеңейтүүнү саалгыта турууну чечишкен.

АКШ өкмөтүнүн жума күнкү маалыматы баалуу кагаздар рыногуна ошол замат таасир этти. Ири АКШлык ишканалардын акцияларынын өтүмдүүлүгүн көрсөткөн Доу Жонс индекси 150 пунктка төмөндөдү.
Анын артынан эле АКШ доллары жалпы европалык акча - еврого жана япон акчасы - иенге салыштырмалуу арзандай түштү.

Бул жагдай АКШнын экономикасына катар дүйнөлүк экономика үчүн да кооптуу. Себеби, дүйнөдөгү эң ири керектөөчүлөр – америкалыктар. Алардын керектөөсү саалгыса, товарга жана тейлөөгө болгон талабы азаят да, тыштан товар сатып алуу кыскарат, бул - глобалдык экономикалык өсүүгө кедерги болот.

Нью-Йорктун сырьёлук биржасында жума күнү эртең менен мунайдын баасы мурда эч болуп көрбөгөндөй кымбаттап, 44 доллар 77 центке серпип барды. Бирок базардын жабылышы учурунда бир баррель же 139 литр кара майдын орточо баасы 44 доллар болду.

Нью-Йорктук далдалчылардын айтымында, мунайдын баасынын төмөндөөсүнө Москва шаардык сотунун ЮКОС мунай компаниясынын мүлкүн анын карыздарын төлөтүү максатында тартып алуу тууралуу бийликтердин чечимин заң-мыйзамсыз деп табуусу оң таасир этти.

Жакынга чейин көпчүлүк экономисттер, ошондой эле АКШнын Борбордук банкы жай айларындагы илең-салаң экономикалык өсүү экинчи жарым жылда бир калыпка түшүп, жүрүшү ылдамдайт деп боолгоп жатышкан.

Мындай прогноз мунайдын баасы май айында асман тээп өскөндөн кийин төмөндөй баштайт деген жоромолдун негизинде жасалган болчу. Бирок мунайдын баасы төмөндөбөй эле, ырааттуу болбосо да өсүп барат.

Ушундан улам, талдоочулар эми экинчи жарым жылдагы АКШнын экономикалык өсүүсү мунай рыногундагы жагдайга байланыштуу болот окшойт деген түкшүмөлүн айтышууда.

Мунай экспорттоочу өлкөлөр уюму - ОПЭКтин президенти шейшемби күнү билдиргенге караганда, дүйнөдөгү эң көп мунай сатуучу өлкө - Сауд Арабиясы мунайга талап өсө баштаса, ошо замат кара май өндүрүүнү көбөйтпөйт.

XS
SM
MD
LG