Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

ЭСЕНБЕКТИН ЭСТЕН ЧЫККЫС ЫРЛАРЫ


"Талант тагдыры" аттуу түрмөктүн бул жолку жаңы санынан Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Жаштар сыйлыгынын лауреаты, композитор Эсенбек Мааданбеков менен музыкалык баардашууга назар салыңыздар.

"Балама" аттуу ырдын обонун композитор Эсенбек Мааданбеков, сөзүн Эл акыны Эсенгул Ибраев жазган. Назик сезимдеги жүрүштө аткарылган ырдын элдик ыр шекилдүү калк арасында ырдалып кетишине "Ырчысына жараша обончусу, обончусуна жараша акыны" дегендей, обонунан да, сөзүнөн да, аткаруучусунан да кыпындай да кыйкым таба албайсың.

Композитордун "Балама" аттуу ырын кыргыздын аттуу-баштуу элдик жана опералык ырчылары да ырдашты. Бирок эч бири - Гүлмайрам Момушевадай жалындай жана, жан дүйнөңө бал татыган балдыр тилдүү баланын жандуу кебете-кешпирин көз алдыңа элесте ырдай алышпады.

Эсенбектин тубаса жаркын шыгы эрте жанат. Мектеп босогосун аттагандан баян, аккардион тартат. Он беш жашында "Нарыным" аттуу ырга обон чыгарат.

Он алты жашынан баштап Эсенбек Муратбек Рыскулов атындагы областтык Нарын музыкалуу-драма театрында иштейт. Боз уландын театрдын эшигин аттаган алгачкы күнүнөн устаты айтылуу Жумамүдүн Шералиев болот. Ал жөнүндө Эсенбек мырза:

- Менин чыгармачылык жактан атам Жумакем (Жумамүдүн) Шералиев деп эсептейм. Ал кишинин менин обончу, композитор болушума салымы өзгөчө зор. Ошондой эле чыгармачылыгымдын жанышына эң алгачкы жолу кадам шилтеген Нарын музыкалуу драма театрында иштешкен аттуу-баштуу агайларым, эжейлерим көп жардамдарды беришти.

- Эсенбек мырза 35-жылдан бери ар кандай темада баш-аягы жүздөн ашык обон жазыпсыз. "Канаттануунун баары куш эмес" дегендей, жазгандарыңыздын баары эле ооздон-оозго көчө, муундан муунга өтө ырдалып кетпесин өзүңүз жакшы билесиз. Ошол обондоруңуздун ичинен өзгөчө асылдануу, артыкча ырахаттануу менен чыгарган (жазган) ырыңыз барбы?

- Бул сурооңуз өтө жакшы суроо экен. Ар бир ата-эне балам жаман болсун деп ойлобогондой, айтпагандай эле, ар бир чыгармачыл адам дагы эч качан жазган чыгармаларым жаман болсо экен деп ойлобойт. Менин элге жеткен ырларымды жакшы, ал эми жетпей калганын жаман деп, ойлобойм. Аны сиздей угармандар өздөрү баамдашып, баалашсын деп ойлойм.

- Биз билгенден ар бир обончунун, композитордун чыгармачылыгынын ысыгына күйө, суугуна тоңо иргелешип иштешкен акындары бар? Сиздин да акындарыңыз барбы, же жокпу?

- Мен бала күнүмдөн эле биринчи кезекте ырдын сөзүн (текст) тандап, таап алам. Анан ага обон чыгарам. Мага кайсы акындын ыры жакса, ошого обон жазам, чийкиси болсо аны менен иштешем.

- Эсенбек мырза, ырларды, ар кандай аспаптык чыгармаларды жазуу менен бирге театрларда коюлган оюндарга да музыка жазыпсыз. Алсак жазуучу Ч.Айтматовун "Эрте жаздагы турналар", Т.Абдымомуновдун "Чолпонбай", А.Жакшылыковдун "Көкөй кести" аттуу ж.б. драмалар. Эсенбек мырза, сиз кайсы жанрлардагы чыгармаларда көбүрөөк эмгектенесиз?

- Бизде азыр орус композиторлору А.Пахмутова, Соловьев Седой сыяктуу жалаң ыр жазган, жалаң эле симфония, опера, балет ж.б. жанрлардагы чыгармаларды жазышкан композиторлор бар. Мен симфониялык, киного, оюндарга жазган музыкаларым бар. Бирок мен өзүмдө, эл да мени орустун тили менен айтканда песенник композитормун.
XS
SM
MD
LG