Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:20

“Ал-кайыда” уюмунун жетекчилеринин бири кармалды


Пакистандын бийлигине “Ал-кайыданын” жетекчилеринин бири Кари Сайфуллах Ахтар Араб Эмираты тарабынан өткөрүлүп берилди. Бул жөнүндө Пакистандын маалымат министри Рашид Ахмед мындай маалымдады:

- Биз Сайфуллах Ахтар кармалгандыгын тастыктайбыз. Ал көптөн бери изделип келген кылмышкерлердин тизмесинде болчу. Бирок, биз аны кармай албай жүргөнбүз. Анын кайда экендиги жөнүндө билген эмеспиз. Ахтардын кармалгандыгы жөнүндө Араб Эмиратынан билдиришип, андан соң, бизге өткөрүп беришти. Азыр ал камакта отурат, - деди Пакистандын маалымат министри Рашид Ахмед.

Сайфуллах Ахтар 2001-жылга чейин террорчулардын Ооганстандагы ири машыгуучу лагерин жетектеген. Андан сырткары, ал Пакистандын президенти Первез Мушаррафка бир нче ирет кол салууларга катышкан деп күнөөлөнүп келет.

XS
SM
MD
LG