Бүгүн кол коюлат деп күтүлүп жаткан келишимдин долбоору Судандын өкмөтүн өлкөнүн батышындагы аймакта 30 күндүн ичинде "коопсуздук чөлкөмдөрүн" түзүүгө милдеттендирет.
Анын аралыгында, Араб Лигасына кирген өлкөлөр кечээ Дарфур калабасына эл аралык куралдуу күчтөрдүн кийлигишүүсүн же Судандын өкмөтүнө каршы санкция киргизилишин четке кагышкан.
22 мүчөлүү Лиганын тышкы иштер министрлери Каирдеги жолугушуусунда өкмөттүн араб куралчандарын куралсыздандыруу планына колдоо билдиришти. "Жанжавеед" деп аталган бул аскерлерди "Дарфурдагы теги араб эмес тургундарга каршы зордуктоо жана кыруу өнөктүгүн жүргүзүп жатат" деп күнөөлөшүүдө. Араб Лигасынын башчысы Амыр Муса Дарфур калабасын токтотууга Судан өкмөтүнө дагы убакыт бериш керек деп эсептейт.