АКШнын президенти Жорж Буш бүгүн бул дайындоо тууралуу жарыялаган учурунда жаңы директор ЦРУну 11-сентябрдагы террактарды иликтеген көз карандысыз комиссиянын да сунуштарын эске алуу менен реформаларын белгилеп, мындай деди:
- Портер Госс - бул маанилүү чөйрөдөгү тажырыйбасы чоң адам. Ал мурдагы аскерий чалгынчы. ЦРУнун жашыруун кызматтарында он жыл эмгектенген. Ал бул мекемени жана аны чыңдоо үчүн эмне кылууну жакшы билет.
65 жаштагы Портер Госс азыркыга чейин Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын чалгын кызматын башкарчу. Эми аны АКШнын Сенаты бекитиши керек. ЦРУнун мурдагы директору Жорж Теннет отставкага быйыл июлда кеткен.