Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:27

Террорчулуктан күнөөлөнгөн марокколук жаран акталышы мүмкүн


2001-жылдын 11-сентябрында АКШга каршы жасалган террор чабуулдарына байланышы бар деп күнөөлөнгөн Марокко жараны Мунир эл-Мотаседдекке каршы экинчи сот Алманиянын Гамбург шаарында уланууда. "Ал-Каида" террордук уюмунун Гамбург бөлүмүнүн мүчөсү болгон деп ал 2002-жылы соттолгон, бирок АКШда кармалган террорчулардан алынган маалымат сотко берилбегендиктен, Алманиянын жогорку соту айыптоо өкүмүн үстүбүздөгү жылдын мартында жокко чыгарган. АКШда кармалган террорчулар Рамзи бин ал-Шайбах жана Халид Шейх Мохаммеддин маалыматтары сотко бүгүн берилди жана алар экөө тең 11-сентябрдагы окуяларга Мотаседдектин эч кандай тийешеси жок деп билдирди.

XS
SM
MD
LG