Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:01

ТҮНДҮК-БАТЫШ АФРИКАНЫ САРАНЧА КАРА БУЛУТТАЙ КАПТАДЫ


Ушу тапта Африкадагы Сахел чөлкөмү айыл-чарба аянттарын алеки заматта аңгыраткан саранчанын азабын тартууда. Эксперттер Сахелдеги бул алааматты азыртадан токтотпосо, кара булуттай үйүр-үйүрү менен учкан саранча Африканын жарымын, андан ары Араб жарым аралын, Иран, Ирак, Ооганстан, Борбор Азияны каптап, элди дан-эгин, жашылча-жемиштен куру жалак калтырышы мүмкүн деп эскертип жатышат.

Быйылкы жаз Түндүк-Батыш Африкада жылдагыдан жаан-чачындуу болгондуктан, жагымдуу жаратылыш шарттарынан улам эбегейсиз көбөйүп алган, узундугу 6 см ге чейин жеткен саранчалар жергиликтүү элдин жүрөгүнүн үшүн алып, бир күндө бир нече миңдеген гектар айыл-чарба аянттарын жалмап жок кылууда. Эксперттердин баамында, соңку бир нече апта ичинде сугалак жандык Түндүк Африкада алты жарым млн гектардай аянтты аңгыратып бошотууга үлгүрдү. Ар бир чарчы км аянтка, болжолдуу эсептер боюнча, 80 млн дой саранча туура келүүдө.

Кырдаал ушундай нукта кете берсе, Африка континентинин жарымы ачарчылыкка кабыларын эскерте баштаган Бириккен улуттар уюмунун Азык-түлүк жана айыл-чарба боюнча агенттигинин өкүлү Клив Элиот "Азаттыкка" буларды билдирди.

- Соңку бир нече күн ичинде Мавритания, Мали, Нигерия тараптан үйүр-үйүр саранчалар Сахел чөлкөмүн каптап келишти, ушул күндөрү алар Чадга да жеткени кабарланууда. Мунун баары ушул жазда башталган эпидемияны токтотуу чаралары убагында көрүлбөгөнүнүн кесепети.


Эксперттер улам жаңы мууну эскисинен 20 эсе көп болгон саранча минтип отурса, кыска убакыт ичинде Африканын жарымына жайылып, андан ары араб өлкөлөрүнө, Пакистан, Индия, Борбор Азияга коркунуч келтириши мүмкүн деп жатышат. Жолундагы жашылча-өсүмдүк, жада калса бак-дарактарды жулмалап-ойрон кылган саранчанын кыргындуу жүрүшүн атайын химикаттарды чачып токтотуу мүмкүн. Адатта андай уулуу химикат учактардан чачылып, ал жерлерде жашаган адамдар убактылуу башка жактарга көчүрүлүп, үй жаныбарлары да жакшылап корголушу керек. Айтор, саранчага каршы күрөш далай каражат-күч талап кылчу машакаттуу иш.


Улуттар уюмунун Азык-түлүк программасынын адиси Клив Эллиот андай чаралар айлана-чөйрөгө зыян келтириши мүмкүн экенин кошумчалады.

- Колдонулчу химикаттын түрүнө жараша башка жаныбарларга да сөзсүз бир аз залакасы тиет. Алар саранчаны өлтүрүп жаткандан кийин, айрым пайдалуу курт-кумурска, чымын-чиркейге да таасир этпей койбойт. Анын баары эске алынып, химикаттын кошумча таасирин азайтууга аракет жасалат.

Батыш Африкадагы Мавритания мамлекетинде бүгүнкүгө дейре 1 млн дой гектар жердеги дан-эгин жалаң саранчага жем болду. Улуттар уюмунун ал жердеги өкүлү Тами бен Халима кырдаал күндөн-күнгө начарлап баратканын айтат.

- Мавританияда абал былтыркыдан жаман. Саранча быйыл жаан-чачындын айынан укмуштай тукумдады. Бизге азыр химикаттарды чачып, асмандан байкоо жүргүзө турган учактар, тикучмалар абдан зарыл болуп турат.

Түндүк-Батыш Африкадагы Мавритания, Мали, Нигерия, Сенегал, Чадды ачарчылык коркунучуна кептеген саранчанын шамалдан тез учкан үйүрлөрүнөн коргонууга даяр болуш үчүн кара континенттеги тогуз өлкө эл аралык уюмдар менен чет мамлекеттерге жардам сурап кайрылды. Адистердин айтымында, мындан 15 жыл илгери дал ушул аймакты соргок саранчанын чабуулунан коргоп калууга 300 млн доллардай акча сарпталган.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG