Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:12

АСКЕРДИК МАШЫГУУ МАКСАТЫНА ЖЕТТИ, АБСАМАТ МАСАЛИЕВДИ ЭСКЕРҮҮ, ЖАРДАМ АКЧАНЫН БААСЫ


Балыкчы шаарынын жанында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскерий машыгуулары мыкты уюшкандыкта өткөнү мезгилдүү маалымдоо каражаттарында кабарланды. Орусия Кыргызстанга жардам берерин билдирди. Эгемендик тушунда Кыргызстан чет өлкөлөрдөн 2 миллиард ашуун доллар карыз акча алган. Анын кайтарымы кандай болууда?

«Ач ажалдын тыйылбаптыр напсиси,
Кетти бизден таза киши, ак киши.
Бүттү ал үчүн бул замандын коогасы,
Бүттү ал үчүн бул замандын ташпиши», деп жазат Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуев «Эркинтоо» гезитиндеги «Абсамат Масалиевди эскерип» деген ырында.

Жамааттык коопсуздук келишими уюму Балыкчы шаарынын жанында ири аскердик машыгуу өткөргөнүн кыргыз басылмаларынын дээрлик баары чагылдырды. «Кыргыз туусу» гезитинин ырасташынча, аскердик машыгуунун жыйынтыгына арналган маалымат жыйынында Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов Москва аскерий техниканы Кыргызстанга өз наркы менен сата тургандыгын, кийинчерээк акысыз жардам көрсөтөрүн маалым кылган.

Гезитте Папан Дүйшөнбаевдин «Аскар Акаев азыркы мезгилдин Бенджамин Франклини» деген макаласы, Аскар Акаевдин «Кыргызстандын тышкы саясатынын таалими» китебинен үзүндү жарыяланган. Президент өз китебинде «чет мамлекеттерге 70тен ашык визит жасаган экемин» деп жазат.

Басылмада Майрам Акаеванын китеби немис тилине которулуп чыгышынын урматына Көл жээгинде азем өткөрүлгөнү, «Алтын балалык» борборунун курулушу тууралуу маалымат да жарыяланган. «Алтын балалык» борборунун курулушуна Ысыккөл облусу 5 миллион сом бөлүп бермекчи. Курулушка 7 миллион доллар сарпталган. Борбор быйыл ноябрь айына карата толук курулуп бүтүп ишке киришмекчи.

Бишкекке иш издеп айылдардан дипломдуу адистер арбын келишери Н.Жапаровдун «Слово Кыргызстана» гезитиндеги «Укуксуз жерге келген бөтөндөр же акысына кийиз кепич» деген макаласында баяндалган. Алыскы айылдан келген кыз-келиндер көбүнесе жашырын иштеген тигүү цехтерине ишке киришет. Анда иштегендерге жакшы шарт түзүлгөн эмес. Кыз-келиндерди убакты-сааты менен иштетүү, тийиштүү шарт түзүп берүү пайданын артынан чуркаган амалпаздардын капарына да кирбейт. Өз жеринде укугу тепселген кыргызстандыктарга шарт түзүп бере албаган бийлик четте жүргөн миңдеген жарандарга жардам көрсөтө алабы, деп жазат макала автору.

Ысыккөлдөгү токой чарбаларындагы жыгач иштетүүчү 19 цех жеке колго сатылып, жакшы иштеп жатты эле, деп маалымдайт токойчу М.Колодчак ушул эле гезитте жарыяланган макаласында. Жаңы губернатор келип алардын баарын чогултуп мамлекеттик ишканага айлантып койду. Мындан ким пайда көрөт? Буга чейин мамлекеттик ишканалар начар иштешчү, эми оңолуп кетеби? Облус жетекчиси базар экономикасынын мыйзамын сыйлабайт экен, дейт макала автору.

Кантеңир тоосундагы көчкүгө басылып набыт болгон тоого чыгуучулар жөнөкөй коопсуздук эрежесин сактабагандыктын натыйжасында кырсык 11 адамдын өмүрүн алып кеткени Аркадий Галуничевдин макаласында баяндалган.

Көл түбүндө катылган тарыхый табериктерди издөөгө кыргыз археологдоруна Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов жардам берүүгө убада кылганын шейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити жазды.

Шейшемби күнкү «МСН» гезитинде Вячеслав Тимирбаевдин «Өзүбүздү соороткон калп» деген макаласы жарыяланды. Анда Кыргызстан чет өлкөлөрдөн алган карыз акчасын ыктуу пайдалана албаганы талдоого алынат. Улуттук статкомдун маалыматы боюнча, быйыл жарым жылда өлкөнүн ички дүң продукт өндүрүшү 109,2% өскөн. 1996-жылы Кыргызстандын ар бир жаранына 390 доллар ички дүң продукт өндүрүлсө, 2003-жылы ал 375 долларга түшкөнү өсүшпү же артка кеткендикпи, деп суроо коет автор. «7 жылдан бери биз бир орунда эле турабыз. Бийлик болсо калп айта берип, ангысынан өзү да жаңыла турган болду», деп жазат Вячеслав Тимирбаев.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG