Киши соодасы дүйнөдө эң кирешелүү кылмыштардын катарына кирет. Бул кылмыштын тамыры Борбор Азия өлкөлөрүндө да күн санап тамыр жайып баратат. Сырттан кысымдын аркасы менен Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан киши соодасын ооздуктоо боюнча айрым чараларды көрө баштады. Бирок аймактык деңгээлде кызматташттык өөрчүй элек. Ушул жаатта Балкан өлкөлөрүнүн тажрыйбасы таалим ала турган жөрөлгө.
Жакында түрк жана румын тергөөчүлөрү киши соодасын уюштурганы шектелген беш кишини колго түшүрсө, румыниялык тартип коргоочулар Испанияда болуп, 40 кызды сексуалдык күңчүлүккө мажбурлаган кылмыштуу топтун бетин ачууга көмөк көрсөтүштү. Ал эми Сербияда сексуалдык күңчүлүктүн теги молдовалык курмандыгы сотто көрсөтмө бергенден кийин, 14 киши аткезчиси кайырмакка илинди.
Ушул жана башка жылыштар штаб-квартирасы Бухарестте жайгашкан аймактык борбордун иш-аракеттеринин жыйынтыгы болуп калды. Бул уюм Түштүк-Чыгыш Европалык Кызматташттык Демилгеси деп аталган долбоордун чек аралык кылмыштар менен күрөш боюнча Аймактык борбору деп аталат. Демилге борбору 2001-жылы ачылган. Чыгымдарынын басымдуу бөлүгүн, 2.4 миллион долларды Румыниянын өкмөтү бөлгөн, ал эми Кошмо Штаттары 500 миң долларга техникалык жардам берген. Мүчө-өлкөлөр да колунан келген жупуну көмөгүн көрсөтүштү. АКШнын Борбордук Чалгын агенттигинин адистери борбордун кызматкерлерин курмандыктардын арасында сурамжылоо жүргүзүүгө машыктырды. Кызматташттыкка тартылган өлкөлөрдүн арасында Түркия, Украина, Молдова да бар.
Борбор киши соодасынан тышкары наркоаткезчилик жана товар аткезчилиги менен күрөш жүргүзөт. Түзүлгөндөн бери борбордун кызматкерлери киши соодасына, негизинен жаш кыз-келиндерди сексуалдык күңчүлүккө сатууга каршы аймактык деңгээлде үч операция жүргүзүштү.
Эл аралык Миграция уюмунун болжолунда, Түштүк-Чыгыш Европада жылыга 200 миң кыз-келин чет өлкөгө сатылат же сексуалдык кызмат көрсөтүү үчүн, сырттан алынып келинет.
Нью-Йорк Таймс гезитине ылайык, быйыл июнь айында 13 өлкөдө жүргүзүлгөн уюшкан кылмыштуулукка каршы биргелешкен операция аймактык кызматташттыкты жаңы деңгээлде көтөрдү.
"Биринчи жолу бир нече өлкөнүн тергөөчүлөрү бирге иштеп жатышат" деп билдирди Мамдепартаменттин Бухарест борбору менен байланыш үчүн жооп берген бөлүмүнүн директору Жонн Марки. Маркинин айтымында, учурда АКШ каржылаган дагы бир топ бул кызматташттыкты Борбор Азияга жайылтуу боюнча иш жүргүзүп жатат. Июнь айындагы операцияда киши аткезчилигинин торуна чалынган 594 киши табылды, 86 кишиге жардам көрсөтүлдү, бул сооданын 133 курмандыгы мекенине жеткирилди, 545 кишинин кылмыштуу ишке аралашканы аныкталып, 328ине айып коюлду.