Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:00

Жергиликтүү кеңештерге 9 миңге чукул депутат шайланат


БИШКЕК. Жергиликтүү кеңештерге ушул жылдын 10-октябрында боло турган шайлоодо шаардык, айылдык жана поселкалык кеңештерге 6 жарым миңден тогуз миңге чейинки депутат шайланат. Мындай малыматты бүгүн Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев билдирди. Анын кабарына караганда, азыр шайлоо өткөрүү үчүн 2 миңден ашуун шайлоо участкасы түзүлүп, добуш берүүчү кабина менен үкөктөр даярдалууда. Шайлоого чейин бюллетендер ташталчу айнектен жасалган үч бурчтуу үкөктөр даяр болот жана ага кеминде 300 миң доллар сарпталат. Анын 127 миң долларын Германия берген жатат. Андан тышкары 3 миңге чукул кабинаны даярдоо үчүн 6 миллион сомду сарптоо, анын 3 миллион сомун мамлекеттен, 3 миллионун эл аралык уюмдардын долбоорлорунун эсебинен алуу каралууда.

XS
SM
MD
LG