Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:50

Ысыккөл кыргыз дөөлөтү


БИШКЕК. Ысыккөл мындан ары Кыргызстандын улуттук дөөлөтү деген макамга ээ болду. Ага негиз берген «Ысыккөлдүн экологиялык-экономикалык иситемасын туруктуу өнүктүрүү» деген мыйзамга президент кол койду. Мындай маалыматты бүгүн президенттин басма сөз кызматы таратты. Мыйзамда Ысыккөлдү сактоо, коргоо жана пайдалануу принциптери такталып, аны жөнгө салуучу мамлекеттик башкаруу органдарынын укук-милдеттери белгиленди. Ага ылайык Ысыккөлдүн жээгинде чарба жүргүзүү аракеттери чектелип, көлдү коргоого негиз берчү укуктук норма бекемделет. Кыргыз президенти мындан тышкары 10 мыйзамга кол койду. Алардын арасында бажы, лицензиялоо, Эсеп палатасынын ишмердигине байланышкан экономикалык жана аскердик милдет өтөө, Жогорку Кеңештин көзөмөл салуусу жөнүндөгү мыйзамдар бар.

XS
SM
MD
LG