БИШКЕК. Кыргызстандын аймагындагы Жеңиш чокусуна чыгууга умтулган Туркиянын бир альпинисти 17-августтан бери табылбай жатат. Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан алынган маалыматка караганда, альпинист 7 миң 439 метрлик чокуга чыгып баратып, 6 миң 800 метр бийиктиктен кулаган болуу керек деп болжолдонууда. Ал чокуга аз калганда Казакстандык жол баштоочулардын кеңеши менен жакын жердеги лагерге кайтып келатып, дайыны жоголгон. Азыр башка альпинисттер аны издөө иштерин жүргүзүп жатышат. Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл Кыргызстандын бийик тоолоруна чыгуу максаты менен келип, 15ке жакын чет өлкөлүк адам кырсыкка учурады.