Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:52

КҮЗДӨ КҮРДӨӨЛДҮ ИШ КӨБӨЙӨТ


Аманбек Жапаров,Бишкек Бүгүн өкмөт үйүндө айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн убагында чаап-жыйноо багытындагы иш чаралардын жүрүшү тууралуу Республикалык штабдын жыйыны болуп өттү. Жыйында айрым облустардын күз күрөшүнө карата начар даярдыктары айтылды.

Республика боюнча 618 миң гектардан ашуун жерге айыл чарба өсүмдүктөрү себилген. Анын 400 миң гектардан ашуун аянтын дан эгиндери ээлейт. Учурда 300 миң гектардан ашуун күздүк, жаздык буудайдын аянты чабылып жыйналып, түшүмдүүлүгү гектарына орточо 30,3 центнерден айланган.
Ал эми 102 миң гектар арпа аянтынын 53 миңден ашуун аянты чабылып, орточо гектарынан 27,8 центнерден түшүм жыйналган. Негизинен дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү өткөн жылдагыга салыштырмалуу түшүмдүүлүгү жогору экендигин Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри Александр Костюк өкмөт үйүндө өткөн жыйында малымдады. Анын айтымында, учурда жашылча-жемиш, картөшкө, кант кызылчасы, тамеки, пахтанын да өсүмү дурус. Дыйкандар убагында күзгү түшүмдү коромжуга учуратпай жыйнап алышса жалпы Республиканы камсыз кылып, ашыгын коңшу мамлекеттерге сатууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Александр Костюк айрым аймактарда алигиче күзгү түшүмдү жыйнап алууга даярдыктар начар жүрүп жатканын билдирди.

- Мен ачык эле айтышым керек, Нарын облусундагы түшүмдү убагында чаап-жыйноого карата даярдык начар. Ошондой эле айрым өрөөндөрдө дан эгиндери жыйналып бүтүп калганы менен күйүүчү майдын жетишсиздиги кедерги болууда. Нарын, Ысыккөл,Баткен облустарында күйүүчү май жетишпейт. Акыркы он беш күндүн аралыгында күйүүчү май 2-3 сомго кымбаттады. Бул маселени тез аранын ичинде чечүүнү Республикалык штаб эске алуусу керек, - деди Александар Костюк.

Министрдин айтымында күзгү айдап себүү иштерине айыл чарба адистери, дыйкандар алигиче кирише элек. Быйыл 339 миң гектарга жакын аянтка күздүк дан эгиндерин айдоо пландаштырылган. Бул өткөн жылдагыга караганда 71 миң гектар аянтка көп.

Ошондой эле Александр Костюк табийхат кырсыгына дуушар болгон чарбаларга өкмөт тарабынан жардам берүүнү сунуштады.

- Үстүбүздөгү жылдын август айында Чүй облусунун Москва,Сокулук райондорунда үч жарым миң гектар, Ош облусунун Карасуу районунда 465 гектар жердеги дан өсүмдүктөрүн катуу жааган мөндүр талкалап кеткен. Жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткандарга Мамлекет тарабынан жардам көрсөтүүнү сунуштаган документтер даяр. Аларга үрөн,күйүүчү май, соцалдык камсыздоо жагынан тез аранын ичинде жардам көрсөтүү зарыл, - деди Александр Костюк.

Жыйында премьер-министр Улуттук статистикалык комитет менен айыл,суу чарба министрлигинин маалыматтары эки ача чыгып жатканын сынга алды. Түшүмдүн өндүрүлүшү тууралуу аймактардан түздөн-түз так маалыматтарды алууну сунуштады.

- Көрсөткүч сандар кандай болот? Ал тууралуу биз аймактар менен иштешибиз керек. Ошондо түшүмдүүлүк кандай болгону билинет. Түшүмдүүлүктүн көрсөткүчү начар болгон аймакта уюштуруу иштери, даярдык начар жүргүзүлгөдүгүн айгинелейт. Демек ал жердеги айыл чарбасына тиешелүү жетекчини кызматтан алышыбыз керек, - деди өкмөт башчсы Николай Танаев.

Ошондой эле «Буудай» мамлекеттик ишканасы алигиче дан эгиндерин кабыл алууну жүргүзбөгөндүгү айтылды. Жыйын соңунда Республикалык штаб айыл чарба өсүмдүктөрүн чаап-жыйноого техникалык даярдыктарды жана күйүүчү май менен камсыз кылууга тиешелүү кызматтардын жетекчилеринин жоопкерчилигин күчөтө турган болду.

XS
SM
MD
LG