Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:08

ЧОҢ МУШТУМ ТЕРГӨӨЧҮЛӨР, МАНАС БЕЛГИСИ ГИМАЛАЙДА, ЭГИН ТҮШҮМДҮН ЭСЕБИ ТАК ЭМЕС


Тергөөчүлөр күнөөнү кандай да болсо моюнга алдырыштын амалында айыпталынып аткан адамды токмоктошот. Тергөөчүдөн жабырланган адамдын акыйкатка жетиши кыйын. Айкөл Манастын арбагы бийик тоолор арасында жүрөт, анын белгиси Гималай тоолорунда сакталып калган. Дан эгиндеринин түшүмүн жыйноо башталды. Өкмөттү бейпайга салган маселе маалыматтын тактыгы болууда.

Милиция кызматкерлери кармалган шектүү кишилерге күнөөсүн моюнга койдуруш үчүн адам чыдагыс азаптарды көрсөтүшөрүн бейшембидеги «Трибуна» гезитинде Сергей Богданов жазып чыкты. Анын ырасташынча, чоң муштум тергөөчүлөр шектелген адамдарга күнөөсүн моюнга алдыртыш үчүн башына желкап кийгизип, резина таяк менен таманга уруп, киши чыдагыс кыйноолорду жасашат.

Ушул эле гезиттеги Ырысбек Өмүрзаковдун «Президент генерал Куловду кечиреби?» деген макаласында саясий туткунга айланган «Арнамыс» партия жетекчисин абактан эрте бошотуу маселеси козголгон. Автордун ырасташынча, генералды эртереээк боштондукка чыгарыш үчүн президенттик шайлоону быйыл сентябрь айында өткөрүү керек.

Ушул эле тема жума күнү чыгуучу «МСН» гезитинде да козголууда. Феликс Куловдун гезитте жарыяланган маеги «Бийлик мени эркимен 10 жылдын ордуна 11 жылга ажыратты» деп аталат.

Басылмада В.Тимирбаевдин кыргыз демократиясынын өзгөчөлүгү, өлкөдө жеке адам зоболосун көтөрүү аракети жанданып баратканын талдаган макаласына да орун берилген. «Үй-бүлөнүн чеңгелинен кутулуш кыйын» макаласында «Ареопаг» компаниясы менен «Пирамида» телекөрсөтүүсү кантип башка колго өтүшү маалымдалат.

Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевдин «Манас тамгасынын табышмагы» деген макаласы бейшемби күнкү «Общественный рейтинг» гезитинде чыкты. Автордун ырасташынча, Манастын арбагын урматтоо байыркы адабий-диний эстеликтер, Веда, Авеста, Махабхарата, Библия, шумерлердени Гильгамеши жаралган доордон башталат. «Манас» эң байыркы дүйнөлүк символдордун бирине жатат.

Басылманын айлык тиркемеси катары чыгып келаткан «Аналитика» гезитинде башкалааны каптаган курулуш ышкысы тууралуу Айбек Чекошевдин макаласы жарыяланды. Доллардын наркы төмөндөп, аны сактоо опуртал ишке айланганын көргөн чиновниктер менен ишкерлер Бишкекте көп кабат үйлөрдү курууга өтүштү. Баа көтөрүлдү, турак-жай курулушуна сунуш ушул ыраатынан жанбаса Генералдык планы жок кеңейип аткан башкалаада үйдүн наркы дагы көтөрүлө бермекчи, деп жазат макала автору.

Кыргыз-өзбек чек ара маселеси социализм заманында деле так чечилбей калганы, анын азарын эгемен эки өлкө эми тартып жатышканын «Вечерний Бишкек» гезитинде Данияр Каримов жазды.

Өкмөт быйылкы жыл түшүмү канча экенин билген соң аткарчу иштерин аныктайт. Бейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезитинде Тамара Слащеванын жазганына ынансак, өткөн жылы Айыл чарба министрлиги менен Улуттук статистика комитетинин маалыматтары эки ачакей чыгып, өкмөт сары майдай сактап отурган резерв буудайынан 15 миң тоннасын сатыкка чыгарууга аргасыз болгон. Казакстандан катуу сорт буудай сатылып алынган. Эгинди жыйноо иши да өткөн жылы үзгүлтүккө учурап, тоолуу жерлерде кар алдында калган буудай, арпаларды чаап-жыйноого туура келген.

«Биз го акылдуу экенбиз, а эмнеликтен жардыбыз?» деп суроо коет журналист Галина Лунева «Күн нурдуу үй – кыялбы?» деген макаласында. Күн, шамал энергиясын пайдалануу, чакан ГЭСтерди куруу, биогаз орнотуу – салттан тыш энергетикалык булактарды табуу Кыргызстанда жаңыдан башталып, чоң өрүш ала элек. Себеп - калктын көбү жарды.

Жума күнү жарыкка чыгуучу «Аалам» гезитинде кандай материалдар жарыяланып жатканын басылманын башкы редактор орунбасары Кенжебек Арыкбаев айтып бермекчи:

- Аскар Акаев кол койгон Ысыккөлдү улут кенчи катары аныктаган мыйзам боюнча пикирлер жарыяланууда. Биосфералык аймак, кыргыздын алтындай жерин 49 жылга Кытайга берип жатканы кандай, деген суроо коюлууда. Ошондой эле өзбек, казак туугандардын Көл жээгинде турган пансионаттары менчиктештирилгендей, ашыналар ал жерде өздөрүн эркин алып жүрүшкөнү баяндалат.

«Кыргыз руху» гезитинде кандай материалдар чыгып жатканын башкы редактор орунбасары Уулкан Токторалиевадан уксак:

- «Алга Кыргызстан, алга» деген макалада партиялардын жүргүзгөн иштери жөнүндө айтылат. Тажик генералы кантип кармалганы, анын күнөөлөрү, ошондой эле Өзбекстандагы адам укуктарынын сакталышы, Каримовдун каардуу режими кандай болорун баяндаган макала жарыяланууда. Ошондой эле «Жаңы Кыргызстан» партиясынын жетекчиси Үсөн Сыдыковдун саясат, Ош окуясы, өзү жөнүндө баяндаган маеги орун алган.
XS
SM
MD
LG