Ошентип, АКШнын демократиялык партиясынан президенттикке талапкер катарында көрсөтүлгөн сенатор Жон Керри, эгерде ушул жылдын ноябрында өтүүчү президенттик шайлоодо жеңип калса, президент Буштун планы же кайра караларын, же такыр эле ишке ашпай тургандыгын тастыктады.
Дүйшөмбүдө АКШнын президенти Жорж Буш ушул эле Цинцинаттиде өткөн курултайда жарыялаган план Батыш Европада жана Түндүк Корея менен Японияда жайгашкан америкалык аскерий базалардан 70миңге жакын жоокер алдыдагы 10жылдын ичинде кайра мекенине жөнөтүлөрүн түшүндүрөт. Анын ордуна америкалык аскерий күчтөрдүн курамы дүйнөнүн опурталдуу эсептелген аймактарына жиберилиши керек.
Анткен менен Керри Буштун планын азыр аткаруунун кажети жок деп ишенет:
- Азия жана Европадагы бир канча өлкөдө жайгашкан америкалык аскерий күчтөрдү орун которуштуруу тууралуу президенттин так иштеле элек планы терроризм менен күрөштө биздин позициябызды бекемдеп койбойт. Анын үстүнө аскерлерди кайра жайгаштыруу 2006-жылы гана башталат жана андан ары 10 жылга созулмакчы, - деди Жон Керри согуш ардагерлеринин курултайында сүйлөгөн сөзүндө.
Ал Америка калкы ушул тапта “ал-Кайыда” менен күрөштү күчөтүп келатканда Буш америкалык куралдуу күчтөрдүн санын кыскартуу саясатын жүргүзүп жатат деп эсептейт. Бул өңдүү аракеттер, Керринин айтымында, АКШнын союздаштары менен болгон карым-катнаштарына да залалын тийгизиши айкын.
Президент Буштун планы боюнча, Түндүк Кореяда жайгашкан америкалык куралдуу күчтөрдүн саны кыскартылат. Муну Керри Америка Кошмо Штаттарынын улуттук коопсуздугуна олуттуу коркунуч туудура турган көрүнүш деп баалады. Анткени АКШ ал жерде Түндүк Кореянын өзөктүк курал боюнча программасын ишке киргизбөө үстүндө иштеп келатат.
- Чынында эле, өзөктүк куралы бар Түндүк Корея менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп келатканда, эмне үчүн биз бир тараптуу эле негизде 12миң аскерди ал аймактан чыгарып кетишибиз керек? - деп суроо коет Керри.
Дегинкиси, Америка Кошмо Штаттары, Түштүк Корея, Орусия, Япония жана Кытай өлкөлөрү мезгил-мезгили менен коммунисттик Түндүк Кореяны өзөктүк курал программасынан баш тартууга үндөгөн сүйлөшүүлөрдү өткөрүп турушат.
АКШнын борбордук чалгындоо башкармалыгынын (ЦРУнун) маалыматына ылайык, Түндүк Кореяда жок дегенде эки өзөктүк куралы бар.
Азырынча Корея жарым аралында жайгашкан америкалык аскерлердин саны 37миңдин тегерегинде. Эгерде Буштун планы аткарылса, анда Түштүк Кореяда 25миң аскер калат.
Президенттикке талапкер Жон Керри курултайдагы сөзүндө президент Жорж Буштун Иракта жүргүзүп жаткан саясатын да кескин сынга алып, согушта курман болушкан америкалык жоокерлердин саны 940ка жеткенин, ал эми 6миңден ашуусу жарадар болушканын айтты.
Керринин билдирүүсүндө, эгерде ал президенттик шайлоодо жеңип калса, “эч кайсыл мамлекетке жана эч кайсыл эларалык уюмга АКШнын улуттук коопсуздугуна тиешелүү суроолор боюнча вето укугун бербейт”.
“Бирок аскерий күчтү чатакты тынчтык жолу менен чечүүнүн бир да жолу калбай калганда гана колдоном”, – деди АКШ президенттигине талапкер Жон Керри.