Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:20

АЗИЯ БАНКЫ 80 МЛН. ДОЛЛАР БЕРЕТ


Сапар Орозбаков, Бишкек 18-июлда Азия өнүгүү банкынын директорлор кеңеши Кыргызстанга жардам көрсөтүүнүн 2 жылдык жаңы программасын бекитти. Программага ылайык аталган банк алдыдагы 2005-2006-жылдары 80 млн. долларга жакын акча бөлүп берет.

Азия өнүгүү банкынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору М.Ашраф Маликтин айтымында, банк алдыдагы 2 жыл ичинде жылына 40 млн. доллар акча бөлөт. Ал 2005-2006 жылдар ичинде жалпы суммасы 80 млн. доллар турган 5 долбоорду каржылайт. Банк 4 тармакка - айыл чарбасына, финансы секторуна, бажы кызматына жана билим берүү тармагына артыкчылык берүү зарыл деп эсептеп, акчалардын көбүн ошол тармактарга бөлгөн. Бирок Кыргызстандын каржы министри Болот Абилдаев Азия банкы каржылай турган долбоорлордун ичинен Ош-Иркештам-Сарыташ жолун маанилүү деп, өзгөчө бөлүп көрсөттү:

- Бир чоң долбоор башталып жатат. Бул - Азия менен Европаны байланыштыра турган Кыргызстан аркылуу кеткен Ош –Иркештам- Сарыташ жолу. Бул долбоор 66 млн. долларды түзөт. Күздө долбоордун биринчи фазасы башталат. Мен бул жол салынса Кыргызстанга жакшы болор эле деп ойлойм - деди Болот Абильдаев биз менен болгон маегинде.

М. Ашраф Маликтин айтымында, Азия банкы өзүнүн май айындагы отрурумунда 7 млрд доллардан турган жаңы фонд түзүп, ага 5 өлкөнү, анын ичинде Кыргызстанды киргизди. Бул фонддун акчалары жеңилдетилген шартта берилет:

- Азия банкынын мүчөлөрүнө бул фонддон акча бөлүүнүн шарттары өлкөнүн өзгөчөлүгүнө, өлкөдөгү экономикалык абалга, Азия банкынын долбоорлор портфелине, долбоордун өзүнүн өзгөчөлүгүнө жараша болот. Ал эми Кыргызстан жөнүндө айта турган болсок, грант-элемент 50% чейин түзүшү мүмкүн, – деди М. Ашраф Малик.

Бирок ал фонд жаңы түзүлүп, анын эережелери иштелип чыга элек деп, Кыргызстанга берилчү жалпы акчанын канчасы грант болорун айткан жок.

Азия өнүгүү банкы Кыргызстан менен 1994-жылдан бери иштешип келет. Өткөн 11 жылдын ичинде ал 22 долбоорду каржылап, баардыгы болуп 535 млн. доллар кредит берген. Андан тышкары 31 млн. доллар техникалык жардам көрсөткөн. Коомчулукта «эл аралык финансы уюмдарынын акчалары өлкөгө пайда келтирген жок, бул Кыргызстандын тышкы карызынын өсүшүнө гана алып келди» деген пикир көп айтылат. Муну өкмөт да моюнга алып, ал азыр мамлекеттин гарантиясы менен алынуучу кредиттерди азайтуу саясатын жүргүзө баштады.

.- Мамлекеттик карызды кыскартуу максатында тыштан акча алууну токтотуу зарыл. Ошол эле мезгилде приориететтүү долбоорлорду тандап алып, бул кадамдын экономикалык өнүгүүгө тийгизген терс таасирин азайтуу керек , - деген болчу каржы министрлигинин башкармалыгыны жетекчиси Санжар Муканбетов өкмөттүн бир отурумунда.

Бирок Азия банкынын өкүлчүлүгү банк каржылаган долбоорлордун бири калбай баардыгы натыйжалуу болду деп эсептейт:

- Биз Кыргызстанда ишке ашырган долбоордун баары абдан ийгиликтүү болду. Мисалы, автомобил жолдоруна жана билим берүү тармагына байланыштуу долбоорлор натыйжалуу болду. Ага андан тышкары финансы секторуна байланыштуу долбоорлорду да кошсо болот. Алардын натыйжасын силер өз көз көзүңөр менен көрө аласыздар. Бишкек-Ош жолуна барсаңар, ал жол бул жерде жашаган эл менен ал жолдун жээгинде жашаган адамдардын күнүмдүк турмушуна кандай өзгөрүүлөр алып келгенин байкайт элеңер, - деди М. Ашраф Малик.

Мындай ойду каржы министри Болот Абилдаев да жактайт:

- Биз Азия өнүгүү банкын эң чоң донор деп эсептейбиз. Ал банк биз көз карандылык алгандан бери жардам берип келе жатат. Жардам бергенде да, айыл чарбасы, саламаттык сактоо, транспорт, билим берүү өндүү биз үчүн маанилүү тармактарга жардам берип жатат, – деди Болот Абилдаев.

XS
SM
MD
LG