Нью-Йорк биржасындагы бүгүнкү соодада карай майдын бир баррели 47,5 долларга чыкты. Баа Нажаф шаарында уруш жүрүп жаткандыктан Ирактын мунай эскпортуна байланышкан кооптонуулардан улам да кымбаттоодо.Баанын жогорулашына ошондой эле Орусиянын "ЮКОС" мунай компаниясынын айланасындагы окуялар, дүйнөнүн ири мунай өндүрүүчүлөрүнүн бири -Венесуэланын президенти Уго Чавестин тегерегиндеги саясий чатак да түрткү берди. Мунай баасы мындан бир жыл мурункудан 50%га, акыркы алты аптадан бери эле 30%га көтөрүлдү.
Кечки жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Улан Эшматов, Прага
Кечки жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Улан Эшматов, Прага