Израил аскерлери кечээ күнү Газа тилкесиндеги Рафах шаарында 16 жашар араб баланы атып өлтүрдү. Жөөт аскерлери шаарга чабуул жасаган жана андан бир жаш жигит курман болгондо, аталган бала ага жардам көрсөтүүгө аракеттенген, бирок аскерлер аны дагы атып салган. Израил өкүлдөрүнүн айтымында, эки жигит аскерий көзөмөл түйүнүнүн алдындагы тыюу салынган жерге келип, бомба орнотууга аркеттенген. Бирок эч бомба табылган жок.