Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:58

Ысыккөлдө жер сатуу ишине атайын комиссия көзөмөлдүк кылат


БИШКЕК. Ысыккөл облусундагы курорттук аймактардагы жер участокторун соодалоо боюнча комиссиянын иш регламентин жана мамлекеттик менчиктеги жерлерге дарылап-чыңдоочу, туристтик жайларды, курорттук, тейлөө обьектилерин куруунун жобосун кыргыз өкмөтү жума күнү атайын токтом менен бекитти. Бул тууралу бүгүн Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымат таратты. Регламент боюнча комиссия тигил же бул жерди сатыкка же арендага берүү мүмкүнчүлүгүн, жерге укукту, соодалоодогу алгачкы бааны, соодалоо тартибин аныктайт, сооданын уюштуруучусу катары милдет аткарат. Мындан тышкары комиссия өз отурумунда каралган маселелердин чегинде облустук бийликтин тиешелүү бөлүмдөрүнөн жана кызматтарынан тиешелүү документтерди, тыянактарды жана экспертизалык актыларды ала алат.

XS
SM
MD
LG