Украинанын өзгөчө кырдаалдар министрлиги кечээ Киевдин чет жагындагы базарда болгон жардыруудан 14 киши жараат алып, алардын 11и ооруканага жеткирилгенин билдирди. Догдурлар эки кишинин акыбалы өтө оор экенин кабарлашты. Тергөөчүлөр 2 жасалма бомба Троешинский базары жабылар алдында акыр-чикир ташталчу кутучага салынганын такташты.