Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:21

Олимпида жаңылыктары


Афинадагы оюндардын тогузунчу күнү төрт адамдан калак менен кайык айдоо боюнча эркектер арасындагы мелдеште Орусиянын командасы алтын медалга арзыды, күмүштү Чехиянын, колону Украинанын командасы ээледи. Аялдар арасында кайыкты сегиз адамдан айдоо жарышында биринчи орунга Румыния, экинчиге АКШ, үчүнчүгө Голландия чыкты. Бүгүнкү мелдештерде италиялык мерген Андреа Беннели, кытайлык стол теннисчи Чжань Иньин да Олимпиада чемпиону болду. Ал эми парустуу кайыкты жалгыздап айдоодо алтын медалды аялдардан Норвегиянын өкүлү Сирен Сундбю, эркектерден бразилиялык Роберт Шайдт алды. Кыргызстандык спортчулардын кечээ штангачы Улан Молдодосов мелдешке чыгып, өзүнүн тобунан төртүнчү орунга жетти.

Олимпиаданын бүгүнкү дагы бир жаңылыгы – конок ээси, Грециянын Леонидас Сампанис атуу штангачысы допинг колдонгону билинип, жеңип алган кол медалынан ажыратылды.Эл аралык Олимпия комитетинин медициналык комиссиясы Афинада алтын медалга арзылган орусиялык спортчу Ирина Коржаненко да допинг боюнча тестен өтпөй калганын жарыялады.


Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG