Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:05

Аялдардын укугу талкууланды


БИШКЕК. Бүгүн Акыйкатчынын кеңсесинде «Атуулдардын репродуктивдик укугун коргоо» деген темада «тегерек үстөл» жыйыны өттү. Анда парламент тарабынан быйыл кабыл алынган «Атуулдардын репродуктивдик укугу» жөнүндөгү мыйзамды ишке ашыруу жана аялдарды үй-бүлөдө, коомдо басмырлоого каршы күрөшүү жолдору талкууга алынды. Жыйынды «Адилет» аттуу укуктук коомдук фонд БУУнун качкындар боюнча башкы комиссарынын Бишкектеги өкүлчүлүгү биргелешип өткөрдү. Жыйындын катышуучулары үй-бүлөдө балдардын төрөлүшүн пландоо, төрөө, балдарды багуу жана тарбиялоо учурунда аялдардын укугун коргоого шарт түзчү укуктук нормаларды коомдо калыптандыруу жолдорун талкуулашты. Мындай маалымат Акыйкатчынын басма сөз кызматынан алынды.

XS
SM
MD
LG