Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:31

"УЛУТТУК ОРДО" ЖАЛПЫ ЭЛДИК КЕҢЕШМЕ ӨТКӨРДҮ


23-августта Бишкекте «Эл тагдыры - Өлкө тагдыры – Улут тагдыры» деген тилектештикте жалпы элдик кеңешме болду. Кеңешменин өзөгүн элдин руханий байлыгы, азыгы болгон - улуттук тилдин тагдыры, мамлекеттин эртеңи өңдүү маселелер ээлеп, талкуу жүрдү.

Республикадагы 40тан ашуун коомдук уюмдар биригип, Кыргызстандын бүгүнү, эртеңи жөнүндө маселе койгон кеңешме төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин «Манастан» үзүндүсү менен ачылды:

Ушул дүйнө аманат,
Устун болуп ким калат?
Капилет дүйнө аманат,
Калкка кызмат кылбасаң,
Калкка калат жаман ат.

«Эл тагдыры - Өлкө тагдыры – Улут тагдыры» деп аталган кеңешменин максатын "Кыргыз тилин өнүктүрүү" фондусунун төрагасы Чолпонбек Абыкеев төмөндөгүчө сыпаттады:

- Бул «Улут Ордонун» түзүлүшүнүн башкы себеби – жалпы кыргыз элинин маданий, рухий дөөлөтүн кайра калыбына келтирүү болуп жатат.

Андан кийин эне тилдин улут тагдырындагы, өлкө тагдырындагы ордун өзгөчө белгилеп сүйлөдү Ош мамлекеттик университетинин филология факультетинин деканы, профессор Токтосун Ашырбаев:

- Элди сактап калууда кыргыз тилинин орду чоң болгон жана мындан ары да чоң болмокчу. Биздин өлкөдө мамлекеттик тилге дээрлик көңүл бурулбай келе жатат. Жыйындар кыргыз тилинде өтпөйт. Демек, Кыргыз мамлекеттүүлүгү - чыныгы эркин, көзкарандысыз мамлекеттин формасына ээ болду деп айтууга эрте. Кыргыз рухий дөөлөтүн сактай албасак, анда Кыргыз мамлекетинин тагдыры дагы бүдөмүк бойдон калат.

Учурда дүйнөлөшүү саясатынын майда элдерди жок кылууга карата аракеттери тууралуу кеңешмеде көп айтылды. Коомдук ишмер Дастан Сарыгулов:

- Дүйнөлөшүүнүн алаамат-апааты начар элди соруп, чабал элди кырып келатат. Ага туруштук берүү - ар бир кыргыздын, элибиздин эң башкы милдетине айланды бүгүн. Кыргыз өзүн-өзү таанып-билип, намысына келип, рухий кулдуктан кутулушу зарыл.

Кеңешменин жүрүшүндө акын Гүлсайра Момунова «Эрлер кайда?» аттуу ырын окуп өттү. Ошол ырдан үзүндү:

- Эрлер кайда элдин камын ойлогон?
Калдыңарбы эпостогу эр бойдон?
Курман болуп кеттиңерби кайрылгыс,
Кыргыз калкым калсын үчүн эл бойдон?


«Өнүгүү» партиясынын төрагасы, Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Мамбетжунус Абылов:

- Мен Дастан ага сыяктуу көп жыл бою бийликтин камчысын чаап, бийликтеги мүчүлүштөрдү ичинен түшүнгөн адамдардын биримин. Кийинки күндөрү ал чөйрөдө кошоматчылык, «көрүп көзжумдуулук» күчөп, мамлекеттин башчысы, анын ишине аралашууну адат тапкан үйбүлөсү мындай ыпластыктарга кайра магдырап, калыстыкты, акыйкаттыкты баалабоо күчөп кетти. Тилди өстүрүү үчүн – бийликтин башында турган адамдын чечкиндүүлүгү эле жетпей жатат. Келе жаткан парламенттик шайлоолор – коомубуздун келерки он жылдагы тагдырын чечет. Ушул шайлоодо биз мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөөгө умтулган адамдарды колдошубуз зарыл.

Бүгүнкү күндө улуттук идеологиянын зарылдыгын белгиледи акын жана тарыхчы Абдрахман Алымбаев:

- Бабаларыбыз – «Заманыңарды таанысаңар - жолуңардан адашпайсыңар» деген нускалуу сөз калтырган. Бүгүн заман майда улуттарды жок кылууга багытталган дүйнөлүк идеологияны жүргүзүүдө. Улуттук идеология болмоюн – улуттук аң-сезим калыптанбайт, улуттук аң-сезим калыптанмайын – улут калыптанбайт, улут калыптанбаса - өлкө өнүкпөйт, өнүкпөгөн өлкө бүгүн болбосо эртең кыйрайт.

XS
SM
MD
LG