Кечээ АКШнын президенти Жорж Буш менен Россиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүп, эл аралык жагдайды жана эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык маселелерди талкуулашты. Буштун администрациясынын маалыматтарына караганда, Путин Россия мындан ары мунай экспортунун көлөмүн жогорулатат деп билдирди. Жорж Буш бул маселеде Путин туура позицияны карманууда деген пикирин айтты
- Ал мунайды импорттогон өлкөлөргө тоскоолдук кылуучу шарттарды түзүүнүн кереги жоктугун жакшы түшүнөт. Ал бул маселе боюнча туура позицияда турат. Бирок азыр көптөгөн өлкөлөр энергияны көбүрөөк пайдалана баштады, – деди АКШ президенти.
Белгилүү болгондой, учурда мунайга болгон дүйнөлүк баа эң жогорку деңгээлине, башкача айтканда, бир баррели үчүн 50 АКШ долларына жетти.
Президенттер ошондой эле Ирактагы кырдаалды турукташтыруунун жана Ооганстанда ийгиликтүү шайлоо жараяндарын камсыз кылуунун зарылдыгын белгилешти. Путин менен Буш Ирандын өзөктүк программаларына байланыштуу маселелерди да талкуулап, өлкөдө өзөктүк программаларды иштеп чыгууну алдын алуу боюнча биргелешкен иш-аракеттерди жүргүзүү жөнүндө макулдашышты.