ЖАЛАЛАБАД. Облустун шаар, райондорундагы бай, кедейлерди аныктоо кыйын. Бийликтин жакырчылык облуста 38,42 пайызды түзөт дегени туура эмес. Кандай үй-бүлөнү бай, кимди жакыр деп эсептөө белгисиз. Шаар тургуну менен айыл жашоочусунун жашоо деңгээли ар кыл. Жашоонун реалдуу абалын билүү үчүн бийлик башчылары кирешелерин декларацияда ачык көрсөтүп, калгандарды үйрөтүүсү, изилдөөнү аймакка жана улутка жараша жүргүзүү абзел. Облуста жакырчылык 80-90 пайызга барабар. Ушундай баа берилген талкууга мамлекеттик кызматкерлер, укук коргоочулар, жаштар жана журналисттер катышты. Аны дүйнөлүк жана республикалык саламаттык сактоо уюмдары менен статистикалык комитеттердин өкүлдөрү өткөрүштү.