Үстүбүздөгү жылда Нарын шаарындагы керек-жарак коомунун мурунку ашканасы кайрадан оңдолуп, курулуш жүрө баштаган. Июль айынын соңку күндөрүндө бул курулушту баптистер салып жаткандыгы тууралуу аңыз-кеп эл ичинде айтыла баштады. Уу-дуу сөздөрдүн чын-бышыгына жетүү максатында аталган жерде болгонубузда:
- Менин атым Үсөн уулу Алмаз. Мен ушул Нарындагы "Асман" жамааттын жетекчиси болом. Бул "Асман" жамааты 2001-жылы мамлекеттик каттоодон өтүп, уюшулган. Биз Исага ишенебиз, Библия окуйбуз. Биздин негизги максатыбыз, элди Кудайдан коркконго үйрөтүү, ыйман жолуна тартуу жана жакшы иштерди жасоо.
Эл силерди баптистер деп түшүнүп жатат деген сурообузга:
- Бизди машаякчылар деп коёт, орусчасында христиандар дейт. Бизди "элүүнчүлөр" деп айтышат - деп жообун берди Алмаз.
Экөөбүз бир кыйла убакыт эркин баарлаштык. Уюм жөнүндө, анын тоолуу аймакта таралышы, имараттын курулушу, аны каржылоо булагы тууралуу соболдорго:
- Бул уюм "Кудай жамааты" деген дүйнөлүк уюмга кирет. Бул 144 мамлектте, Кыргызстандын башка шаараларында бар, бирок азыр Нарын облусу боюнча Нарын шаарында эле бар. Биз өзүбүз кадимкидей эле битир алып келебиз. Бул имаратты сатып алганга Бишкектеги биздин "Кудай жамааты" деген уюм жардам берди.
Алмаз менен маектешкен убакта алардын жыйыны болду. Жыйынга кошо катышууга мүмкүнчүлүк да берилди. Ошентип отузга жакын жалаң кыргыз уландар жана кыздар чогулган катышуучулардын арасынан өзүн Нурлан деп тааныштырган жигит сөзгө келип, өзүнүн көз-карашын мындайча билдирди:
- Мен эч качан христиан дининдемин же мусулман дининдемин деп да айтпайм. Себеби, Кудайды изилдеген адам бул дин эмес. Мен өзүмдү кыргызмын деп эсептейм, анткени мен кыргыздан төрөлдүм, - дейт Нурлан аттуу жигит.
Тоолуктардын, асыресе, жаштардын дин эркиндиги тууралуу сурап, микрофон сунганыбызда:
- Менин атым Бакыт. Мен айта албайм. Кыскасы, бир Кудайга ишенем.
- Анчалык баа бере албайм.
- Менин чыныгы туткан диним - христиан дини.
- Менин атым Зарема. Бул өтө жаман. Анткени өзүнүн динин сатып кетип атышат - деген ойлорун айтышты бизге жолуккан адамдар,-дешти жаштар.