Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:18

ШАПИРОНУН КИТЕБИ КАЙРАДАН ЫЗЫ-ЧУУ ЖАРАТУУДА


Эл ичинде Шапиронун мектептерде окутуудан алынып салынган «Жашоонун сергек мүнөзү» деген китеби быйыл Алматыдан 50000 нуска менен кайрадан басылып чыгыптыр, ал кайрадан окутулмакчы болуп жатыптыр деген уу-дуу кеп жүрүүдө.

Борис Шапиронун «Жашоонун сергек мүнөзү» аттуу китеби өткөн жылы мектептерде окутулуудан алынып салынган эле. Бирок бул китеп быйыл 2003-жылдын эсебинде 50000 нуска менен Алматыдан басылып келип, акырындап мектептерге таркатылууда деген сөз жүрүүдө эл ичинде. Мындай маалыматты «Аалам», «Жаңы кылым» гезиттери да жазып чыкты. Журналист, жеке басманын жетекчиси Болотбек Бөкөлөев Шапиронун бул китебинин Таласта таратылып жатканы тууралу мындай деди:

- Таласка барып калып, андагы жаштар комитети Шапиронун жанагы адепсиз китебин таратып жүргөндөрүн өз көзүм менен көрүп, зээним кейиди. Бирок жаштар Шапиродон акча алгандыгы үчүн иштеп жатканын жашырышкан жок. Бул китеп бузукулуктун, жыныстык катнаштын айбан кылбаган түрлөрүн көрсөтөт. Ушундай бузук китепти мектепке окутууга киргизип жаткан министрликке таң калам. Былтыр бул китеп 3500 нуска менен чыкса, быйыл 2003тү 2004 дебей эле 50000 нуска менен чыгыптыр. Демек, булар жең ичинен чет өлкөнүн арам акчалары аркылуу улуттун генефондун бузуш максатында чыгарып жатышат.

Шапиронун «Жашоонун сергек мүнөзү» китебинин кайра окутулганы жатканын уккан кээ бир ата-энелер кыздарын мектепке жөнөтпөйбүз дешүүдө. Чүйлүк аксакал ысмын атагысы келбей, мындай деди:

- «Шамал жүрмөйүн чөптүн башы кыймылдабайт» демекчи, бул китептин жаштар арасында таратылып жатканы ырас болсо керек. Биздин айылда өзбектер менен уйгурлар Шапиронун китеби окутула турган болсо, кыздарын мектепке жибербейбиз деп жатышат.

Ал эми Аламүдүн районунун Көкжар айылынын 200дөн ашуун тургуну кол коюп, президентке, мамлекеттик катчыга, Жогорку Кеңеш төрагаларына, баш прокурорго кайрылуу жолдошууда. Көкжар айылынын тургуну Кадыралы Абдрасулов:

- Шапиронун өзүн дагы, аны колдогондорду дагы жазалап, китептерин таптакыр жок кылуу керек. Биз бул кайрылуубузду элге жеткизип туруп, президентке чейин кирели деп жатабыз.

Эл ичинде жүрүп жаткан жогорудагыдай пикирлерден улам Билим берүү министрлигинин жетектөөчү адиси Кенжекан Усуповага кайрылдык:

- Муну биз такташыбыз керек. Министрлик тарабынан бул китеп алынып салынган. Ырас, кечээ бизге бир кагаз келди Шапиронун китебинин Алматыда басылып чыкканы жөнүндө. Биз бул маселе боюнча иштеп жатабыз.

XS
SM
MD
LG