Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Иракттын Абу-Грайб түрмөсүндөгү кылмыштарды иликтөө боюнча АКШнын көз карандысыз комиссиясы билдирүү жасады


Ирак түрмөсүндө кармалгандарга карата жасалган зөөкүрлүктөр Пентагон тарабынан санкцияланган эмес, бул кылмыштар командачылыктын кемчиликтерине байланыштуу болгон. Мындай чечимге Иракттын Абу-Грайб түрмөсүндөгү кылмыштарды иликтөө боюнча АКШнын көз карандысыз комиссиясы келди. Комиссиянын төрагасы, АКШнын мурдагы коргоо министри Жеймс Шлезинжердин айтымында, Абу-Грайб түрмөсүндөгү зөөкүрлүктөр ал жердеги аскер полициясынын кызматкерлеринин даярдыктарынын жетишсиздигине байланыштуу болду:

- Биринчиден, Абу-Грайбда башаламандык орун алды. Ал жердеги мыйзам бузуулар жогорудан санкцияланган саясаттын жыйынтыгы эмес. Тескерисинче, расмий бийлик өкүлдөрү тарабынан Иракта аскер туткундарынын Женева Конвенциясында каралган укуктары сакталышы керек деп бир нече ирет айтылган, - деди Жеймс Шлезинжер.

XS
SM
MD
LG