Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:18

ОРУСИЯНЫН АБА МЕЙКИНДИГИНДЕГИ КОШ КЫРСЫК


Нарын АЙЫП, Прага 24-август күнү кечинде Орусияда эки учак кыйрады жана бардыгы болуп 89 адам өлдү. "Ту-154" учагы өлкөнүн түштүгүндөгү Ростов облусунда, "Ту-134" учагы болсо Маскөөдөн алыс эмес Тула облусунда кулап түштү. Экөө тең Маскөөнүн Домодедово аба майданынан учуп чыккан жана экөө тең бир убакта, кечки саат он бирде кыйраганы бир топ шек жаратууда.

"Ту-134" учагы Волгоград шаарында жайгашкан "Волга-Авиаэкспресс" аттуу чакан компаниясыныкы болчу жана ал кечки саат онго жакын Маскөөнүн Домодедово аба майданынан Волгоградка учуп чыккан. Аны компаниянын деректири айдап бараткан. Учак Тула облусунун Бучалка айылынын үстүндө он миң метр бийиктикте кыйраган, анын ичиндеги 35 жүргүнчү менен сегиз учкучтун баары курман болду. Учак менен байланыш кечки он бирге төрт мүнөт калганда үзүлгөн.

"Ту-154" учагы болсо "Сибирь" компаниясына таандык болчу, Маскөөдөн Сочи шаарын көздөй ал дагы Домодедоводон кечки саат онго жакын учуп чыккан, аны менен байланыш кечки он бирге бир мүнөт калганда үзүлгөн. Тогуз саат бою учак дайынсыз жоголду деп эсептелген, бирок эртең менен анын калдыктары Ростов облусунун Глубокий айылынын жанында табылды. Учакта 38 жүргүнчү жана сегиз учкуч болгон.

Абада баратканда учактын ичиндеги негизги аспаптардын иштешин жана учкучтардын сүйлөшкөнүнүн баарын атайын аспап жазып турат, эки учактын тең андай аспаптары табылды жана Маскөөгө жиберилди. Сочи шаарында эс алып жаткан президент Владимир Путин дароо кеңири тергөө жүргүзүүгө буйрук берди. Коопсуздук кызматынын кээ бир адистеринин пикиринде, эки учак бир аба майданынан учуп чыгып, дээрлик бир мезгилде кыйраганы - анын артында террорчулар турат деген шек жаратууда.

Туладагы Бучалка айылынын тургуну Николай Гороховдун "Ассошиейтед пресс" агентигинин кабарчысына билдиргенине караганда, ал түнүчүндө үч ирет жарылууга окшош "тарс" эткен үн уккан. Волгограддын эл аралык аба бекетинин башкы деректири Юрий Дмитриевдин айтымында, кыйроого учкучтардын катасы алып келген дегенге эч негиз жок:

- Учкучтар ката кетирген дегенди мен четке кагам. Анткени эң кыйын учурларда дагы, учак бузулуп же анда өрт чыкканда дагы учкучтар жерге кабар бергенге дайым үлгүрөт.

Бирок Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлү Сергей Игнатченконун айтымында, эки учактын тең кыйрандыларынын арасында жарылуунун же кандайдыр бир башка террордук аракеттин издери азырынча табыла элек:

- Негизги себеп - учуу эрежелери бузулган деп эсептелүүдө. Террор мүмкүнчүлүгү дагы себеп катары каралууда, бирок азырынча анын эч далили жок.

Домодедово аба бекетинин кээ бир кызматкерлеринин айтымында, эки учак тең белгиленген мөөнөттө так учуп чыккан эмес. Жыйырма төртүндө кечинде Домодедоводо болгон башка жүргүнчүлөрдүн айтымында, алардын учактары дагы кечиккен жана күтүү учурунда аэропортто керосиндин жыты буруксуп турган, ошондуктан кырсык техникалык себептен болушу мүмкүн. Сочиге учуп чыккан учак 1982-, ал эми Волгоградка бараткан учак 1977-жылы заводдон чыккан.

Чеченстандын мурдагы президенти Аслан Масхадовдун басма сөз өкүлү Фарук Тубулат "ал-Жазира" аттуу араб сыналгысы аркылуу чыгып сүйлөп, бул кырсыктарга чечендердердин эч тийешеси жок, эгер Маскөө аны менен бизди байланыштырса, ал жөн гана пропаганда деп билдирди.

XS
SM
MD
LG